Жаңы кыргыз-герман долбоору ишке ашырыла баштады

Новости
30-Сентябрь 2020-ж.
3527

Өткөн жумада Кыргыз Республикасынын экономика министрлигинде “Жашыл экономика жана Кыргыз Республикасында жеке секторду туруктуу өнүктүрүү” долбоорунун ачылыш аземи болуп өттү.

Ачылыш аземи, экономика министринин орун басары Автандил Алыбаевдин жана GIZдин өлкөлүк директору Иоахим Фритцтин катышуусу менен болуп өттү. Калган катышуучулар иш-чарага онлайн форматта катышышты. А.Алыбаев бул долбоордун Кыргызстан үчүн келечектүү жана маанилүү экендигин белгиледи.

Мындан аркы үч жыл ичинде, өлкөдө дүйнөдөгү эң мыкты деп эсептелген алдыңкы экономикалык принциптерди – “жашыл” экономика принциптерин киргизүүдө, долбоор Кыргыз Республикасынын экономика министрлиги тарабынан колдоого алынат.

Долбоордун максаты болуп төмөнкү үч секторду туруктуу өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү болуп саналат:  мөмө-жемиштерди өндүрүү, мал багуу жана туризм.

Иштер  үч багытта жана деңгээлде алынып барат:

  • өкмөттүк – “жашыл” экономика саясатын илгерлетүү;
  • ишкердик – туруктуу жана экологиялык негизде иштеген ишканаларды өнүктүрүү;
  • коомдук – “жашыл” экономика деген эмне жана аны эмне үчүн колдоо керектиги тууралуу жарандардын маалымдуулугун жогорулатуу.

“Жашыл” экономика – бул акыркы он жылдыктарда кенен талкууга алынган экономикалык концепциялардын бири. Бул ресурстар колдонулса да, алардын азайып кетпөөсү; кайра иштетүүгө караганда, калдыктардын аздыгы  менен өнүгүүнү түшүндүрөт. Ошентип, табиятка зыян келтирбей туруп экономиканы алдыга жыла берет. “Жашыл” ыкмаларды киргизүү үчүн Кыргызстан чоң потенциалга ээ мамлекет болуп эсептелет.


КР ЭМ Басма сөз кызматы.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу