Экономика министрлигинде 2013-жылдын Кыргыз Республикасынын Сапат сыйлыгы боюнча Эксперттик комиссиянын 3чү жыйынтыктоочу отуруму болуп өттү.

Новости
19-Август 2013-ж.
2542

"IMGЭкономика министринин орун басары Олег Панкратовдун председателдиги астында 2013-жылдын 20-августунда саат 11:00дө Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин Кичи залында 2013-жылдын Сапат сыйлыгы боюнча Эксперттик комиссиянын 3чү жыйынтыктоочу отуруму болуп өттү.

КР ЭМ алдындагы Стандарттоо жана метрология борборунун мүдүрү Султан Ахматовдун председателдиги астында 2013-жылдын 15-июлунда өткөрүлгөн Эксперттик комиссиянын 1-отурумунда, эксперттик топтун мүчөлөрүнө кийинки 3 номинация боюнча, конкурска катышкан уюмдардын отчёттору кароого берилген. Номинациялар: азык-түлүк товарларын жана айыл чарба продукцияларын өндүрүү-21 уюм; элдик керектөө товарларын өндүрүү (тигүү өнөр жайы жана мебель өнөр жайы) -10 уюм; кызмат көрсөтүү (туристтик жана мейманкана кызматтары) -18 уюм.

Экономика министринин орун басары Олег Панкратовдун председателдиги астында 2013-жылдын 30-июлунда болуп өткөн Эксперттик комиссиянын 2-отурумунда аларды баалоо үчүн кийинки номинациялар боюнча уюмдар аныкталган: азык-түлүк товарларын жана айыл чарба продукцияларын өндүрүү – 7 уюм (ЖЧУ «Ак-Бата», ЖЧУ «Мариям-Ош», ААК Н.Урманбетов атындагы «Арпа», ЖЧУ «Кыргыз Коньягы», ЖАК «Токмок-Буллс», ЖАК «Ак-Жалга» жана ЗАК «Талас-Сүт»); элдик керектөө товарларын өндүрүү (тигүү өнөр жайы жана мебель өнөр жайы) – 4 уюм (ЖЧУ «Дом и К», ААК «Илбирс», ЖЧУ «Айко-Сейко», ЖЧУ «Лина»); кызмат көрсөтүү (туристтик жана мейманкана кызматтары) – 4 уюм («Каприз» Ыссык-Көл, ЖЧУ СКМП «Ак Кеме мейманканасы», Кыргызстан профсоюздар федерациясы Профсоюздардын туризм жана курортторду башкаруу боюнча Кыргыз Кеңешмеси, санаторий «Көгүлтүр Ыссык-Көл», ЖЧУ «Ош-Нуру»).

Эксперттик комиссиянын милдети 3чү жыйынтыктоочу отурумда аныкталган уюмдарды изилдөө жүргүзүп жана конкурстун лауреат жана дипломант наамына талапкерлерди аныктоо боюнча сунуштарды киргизүү.

Алдын ала берилген маалымат боюнча, Эксперттик топтор менен конкурстун лауреат жана дипломант наамына кийинки номинациялар боюнча уюмдар аныкталган:
- азык-түлүк товарларын жана айыл чарба продукцияларын өндүрүү: лауреат – ЖЧУ «Ак-Бата», дипломанттар - ААК Н.Урманбетов атындагы «Арпа», ЖЧУ «Кыргыз Коньягы» жана ЖЧУ «Ак-Бата»;
- элдик керектөө товарларын өндүрүү (тигүү өнөр жайы жана мебель өнөр жайы): лауреат – ЖЧУ «Айко-Сейко», дипломанттар - ЖЧУ «Лина», ЖЧУ «Дом и К» жана ААК «Илбирс»;
- кызмат көрсөтүү (туристтик жана мейманкана кызматтары): лауреат - «Каприз» Ыссык-Көл, дипломанттар - санаторий «Көгүлтүр Ыссык-Көл», ЖЧУ СКМП «Ак Кеме Мейманканасы», ЖЧУ «Ош-Нуру».
2013-жылдын 11-январында №16-06 Кеңешменин отурумунун Протоколу менен бекитилген, 2013 – жылдын Сапат боюнча сыйлыгын алуу үчүн конкурсун өткөрүү боюнча чараларына жана КР Сапат жагынан сыйлык тапшыруу боюнча Кеңештин иш Планына ылайык, 2013-жылдын 15-сентябрына чейин Кеңештин Техникалык секретариатына Сыйлык тапшыруу боюнча сунуштарды камдап (Эксперттик комиссиянын жыйынтыктоочу Протоколу) жана Кеңештин отурумуна сунуштарды киргизүүсү тапшырылганын белгилеп кетүү керек.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу