Кыргыз Республикасы жана Казакстан Республикасы бардык автотранспорт каражаттарына карата контролдук-кароо иш-чараларын токтотуу жана Кыргыз Республикасынан Казакстан Республикасына жана Россия Федерациясына жана кайтарым багытта ташылган навигациялык пломбалардын жардамы менен автотранспорт каражаттарына мониторинг жүргүзүү боюнча пилоттук долбоорду өткөрүү жөнүндө макулдашышты

Новости
16-Сентябрь 2020-ж.
2578

Кыргыз Республикасы жана Казакстан Республикасы бардык автотранспорт каражаттарына карата контролдук-кароо иш-чараларын токтотуу жана Кыргыз Республикасынан Казакстан Республикасына жана Россия Федерациясына жана кайтарым багытта ташылган навигациялык пломбалардын жардамы менен автотранспорт каражаттарына мониторинг жүргүзүү боюнча пилоттук долбоорду өткөрүү жөнүндө макулдашышты.

Пилоттук долбоор 2020-жылдын 10-декабрында күчүнө кирет. Ушул мезгилде Кыргыз Республикасынан Казакстан Республикасына жана Россия Федерациясына жана кайтарым багытта жүк ташууда, өзү жүрүүчү транспорт каражаттары менен ташылуучу жүктөрдү кошпогондо, автомобиль транспорту жүк бөлүгүнө навигациялык пломба илинет.

Жүк ташуучулардын пилоттук долбоорго катышуусу акысыз.

Мында контролдук иш-чаралар төмөнкү учурларда гана жүргүзүлөт:

  1. маршруттан (республикалык маанидеги автомагистралдар) 1 кмден ашык аралыкка кеткенде;
  2. навигациялык пломбаны өз алдынча ачууда;
  3. навигациялык пломбасы бузулган учурда;
  4. навигациялык пломба менен 1 сааттан ашык байланыш болбогондо;
  5. активдүү бара жаткан транспорт каражатынан чиркегичти ажыратып койгондо.

Көзөмөлдөө иш-чаралары жүргүзүлгөн учурда ыкчам жооп алуу үчүн маалыматты Казакстан Республикасынын Финансы министрлигинин Мамлекеттик кирешелер комитетине өткөрүп берүү үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын методология бөлүмүнө кайрылыңыз.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын методология бөлүмүнүн байланыш тел: +996 312 61-03-06.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу