КР Экономика министри С.Т.Муканбетов Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасынын өрт жана авариялык-куткаруу техникасын жеткирүү боюнча алмашуу каттарына кол койду

Новости
14-Сентябрь 2020-ж.
3142

2020-жылдын 13-сентябрында Мамлекеттик Кеңештин мүчөсү, Кытай Эл Республикасынын Тышкы иштер министри Ван И мырзанын Кыргыз Республикасына расмий сапарынын жүрүшүндө Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөттөрүнүн ортосунда “Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өрт-куткаруу бөлүктөрүнүн техникалык потенциалын чыңдоо” долбоорун ишке ашыруу боюнча алмашуу каттарына кол коюлду.

Кыргыз тараптан Алмашуу каттарына Кыргыз Республикасынын Экономика министри С.Т.Муканбетов, кытай тараптан - Кытай Эл Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ду Дэвэнь кол коюшту.

Долбоор КЭР Өкмөтүнүн гранттык каражаттарынын эсебинен ишке ашырылат.

Аталган долбоордун алкагында өрт жана авариялык-куткаруу техникаларынын 100 бирдигин жана 15 авариялык-куткаруучу жабдууларды жеткирүү пландалган.



Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу