Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышкан мамлекеттердин региондор аралык жана чек ара кызматташтыгы боюнча Кеңешинин 9-жыйыны өттү

Новости
14-Сентябрь 2020-ж.
6389

Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышкан мамлекеттердин региондор аралык жана чек ара кызматташтыгы боюнча Кеңешинин 9-жыйыны болуп өттү. Иш-чара видеоконференция форматында өттү.

Жыйынга КМШнын бардык мүчө мамлекеттеринин өкүлдөрү - Кеңештин мүчөлөрү катышышты: Армения Республикасы, Беларусь Республикасы, Казакстан Республикасы, Кыргыз Республикасы, Россия Федерациясы, Тажикстан Республикасы жана Өзбекстан Республикасы. Кеңештин ишине КР Экономика министрлигинин атынан Статс-катчы Айдин Шаршеев катышты.

А.Шаршеевдин айтымында, пандемиянын жайылышы экономикалык көрсөткүчтөргө таасир этип, быйылкы жыл өтө оор болду. 

“2019-жылы Кыргыз Республикасынын КМШга мүчө мамлекеттер менен тышкы соода жүгүртүүсү 0,5% га кыскарып, 3228,8 млн АКШ долларын түздү. 2020-жылдын январь-июнь айларында Кыргыз Республикасы менен КМШ өлкөлөрүнүн ортосундагы соода 1256,5 млн АКШ долл. түзгөн жана 2019-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу дээрлик 17% га төмөндөгөн. Ушуну менен катар эле, 2020-жылдын январь - март айлары үчүн КМШ өлкөлөрүнөн түшкөн түз чет өлкөлүк инвестициялардын (мындан ары - ТЧИ) көлөмү - 13,67 млн. АКШ долларын түздү жана ушул мезгилге салыштырмалуу 6,9% га төмөндөдү, ал эми жалпы үлүштөн түшкөн киреше 9,2 %ды түздү”, - деп билдирди ал.

А.Шаршеев КМШ өлкөлөрүнүн экономикалык өз ара аракеттенүү потенциалы толук пайдаланылбай жаткандыгын жана буга байланыштуу соода-экономикалык мүнөздөгү эң актуалдуу маселелерди жана көйгөйлөрдү ийгиликтүү чечүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү боюнча мындан аркы чараларды көрүү зарылдыгын белгиледи, бул КМШга катышуучу - мамлекеттердин кызыкчылыктары үчүн КМШнын бардык максаттарын жана милдеттерин толук жана кеңири ишке ашырууга мүмкүндүк берет.

“КМШ өлкөлөрү кризистик кырдаалдын кесепеттерин жоюу жана андан чыгуу боюнча таасирдүү жана макулдашылган чечимдерди иштеп чыгууга карата биргелешкен аракеттерди жумшоосу зарыл. Санарип технологияларды өнүктүрүүдө кызматташтыкты күчөтүү керек. Санариптик соода үчүн кеңири мүмкүнчүлүктөр ачык, электрондук коммерция атаандаштык артыкчылыктарын берет. Чек ара аймактарында биргелешкен ишканаларды түзүү жолу менен өнөр жай кооперациясы багытында кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча биргелешкен күч-аракеттерди жөнөтүү максатка ылайыктуу болот. Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору экономикалык өнүгүүдө маанилүү ролду ойнойт. Кыргызстан тез арада транспорттук коридорлорду өркүндөтүшү керек, транзиттик коридорлор аркылуу жана транзиттик кызматтарды көрсөтүү менен, Кыргызстан трафикти максималдаштыруу менен дүйнөлүк экономикага интеграцияланат”, - деп белгиледи А.Шаршеев.

Онлайн кайрылуу