Кыргыз Республикасынын Экономика Министрлигинде, Кыргыз Республикасынын Бажы союзуна жана Бирдиктүү экономикалык мейкиндикке кошулуу тууралуу сүйлөшүүлөр боюнча, КРӨ алдындагы Ведомство аралык комиссиянын кезектеги отуруму болуп өттү.

Новости
06-Август 2013-ж.
2471

2013-жылдын 7-августунда Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинде, министр Темир Сариевдин председателдиги астында Кыргыз Республикасы - Беларусь Республикасынын, Казахстан Республикасынын жана Россия Федерациясынын Бажы союзуна (БС) жана Бирдиктүү экономикалык мейкиндикке (БЭМ) кошулуу тууралуу сүйлөшүүлөр боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн (КРӨ) алдындагы Ведомство аралык кезектеги отуруму болуп өттү.

Отурумда, ущул жылдын 15-августунда Москва шаарында өтө турган Евразиялык экономика комиссиясынын (ЕЭК) жумушчу тобунун отурумуна байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Бажы союзуна кошулуу Жол картасынын долбооруна кошуу үчүн Кыргыз Республикасынын сунуштары каралды.

Бүгүнкү күндө, Жол картасынын долбоору кийинки тармактык багыттар боюнча жалпы чараларды камтыйт: санитардык, фитосанитардык жана ветеринардык чөйрөдөгү чараларды; бажы мыйзамдарын; бажы инфраструктурасын; техникалык жөнгө салууну; бажы- тарифтик жана тарифтик эмес жөнгө салууну; соода саясатын; финансы саясатын; коргой турган жана демпингге каршы, компенсациялык чараларды колдонууну; статистика, транспорт жана байланыш.

Иш чаралар, мыйзамдарды БС келишимдерине туура келтирүүнү гана эмес, инфраструктуралык кайра өзгөрүүлөрдү, модернизацияны, лабораторияларды жана өткөрүү пункттарын жабдуу жана ошондой эле кыргыз тарап үчүн керектүү “преференцияларды” иштөөнү дагы камтыйт.

Отурумдун экинчи маселеси болуп, Ведомство аралык комиссиянын ишинин алкагында даярдалган Бажы союзунун Бирдиктүү Бажы Тарифи менен бекитилип, ушул ставкалардан чыккан киргизүү бажы алымын колдонуу зарыл болгон, КР өткөөл мезгилинин жүрүшүнө караштуу Товарлардын жана ставкалардын тизмеси долбоору каралды.
Министрлик оболу мамлекеттик органдарга жана бизнес ассоциацияларга тизмени тараткан жана ушул жылдын 2-августунда талкуулоо жүргүзүп, анын жыйынтыгында кызыктар болгон жактардан сунуштар киргизилип, Тизменин долбооруна камтылган.

Бул Тизмеге, негизинен азыркы убакта КР “алымсыз” ставкасы, же БС караганда төмөн ставкалар, же болбосо товарларга бажылык оформить этүүнүн жөнөкөйлөтүлгөн тартибинде киргизилген ставкалары колдонулган товарлар кирди. Бул товарлардын негизги көлөмү Алыскы чет өлкөлөрдөн келет жана бул импорттор социалдык керектөөгө же болбосо өндүрүшкө жана курууга керек.

Отурумдун жыйынтыгы боюнча, Жол картасы долбоорунун Тизме жана сунуштар долбоорунун кем жерлерин иштеп бүтүү чечими кабыл алынган.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу