Ысык-Көл облусунун райондорун социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү маселелери боюнча жолугушуу өтөт

Новости
01-Сентябрь 2020-ж.
4042

КР Экономика министрлигинин Региондор аралык башкы башкармалыгы орто мөөнөттүү мезгилге карата Ысык-Көл облусунун динамикалуу жана туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылуу максатында “Өнүктүрүүнүн 10 кадамы” региондорун өнүктүрүү программасынын жол картасын иштеп чыгуу пландаштырылып жаткандыгын билдирди. Аталган жол картасы калктын социалдык-экономикалык жашоосунун төмөнкү чөйрөлөрү боюнча социалдык-экономикалык өнүгүүнүн негизги багыттарын аныктаган негизги программалык документ болуп саналары күтүлүүдө: 1) билим берүү, 2) шаарларды өнүктүрүү, 3) калкты ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу, 4) саламаттык сактоону өнүктүрүү, 5) экономика процессин санариптештирүү, 6) бюджетти түзүүчү долбоорлорду ишке ашыруу, 7) айыл чарбаны өнүктүрүү, 8) экологиялык коопсуздукту камсыздоо, 9) туризмди өнүктүрүү, 10) коомдук коопсуздукту камсыз кылуу.

Аталган жол картасына киргизилен долбоорлор жергиликтүү өз алдынча башкаруунун планы боюнча Ысык-Көл облусунун Өнүктүрүү фондунун, Ысык-Көл облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын, КРӨнүн Ысык-Көл облусундагы Ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратына караштуу микро кредиттик агенттигинин, эл аралык донордук уюмдардын жана башка булактардын эсебинен ишке ашырылат.

Бул жол картасынын алкагында ишке ашырыла турган приоритеттүү долбоорлор райондук мамлекеттик администрациялар жана шаардык администрациялар тарабынан жергиликтүү жамааттардын пикирин эске алуу менен тандалып алынат.

Учурда бул маселе боюнча облустук мамлекеттик администрациялардын башчылары график боюнча презентацияларды өткөрүп жатышат. Бул иш чаралардын жүрүшүндө райондордун өкүлдөрү тарабынан тиешелүү долбоорлор жана жол картасынын долбооруна киргизүү үчүн артыкчылыктуу милдеттер сунуш кылынган. Тиркелген долбоорлор жана артыкчылыктуу милдеттер КР ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын жана башка мамлекеттик органдардын катышуусунда талкууланат.

Онлайн кайрылуу