COVID-19га каршы социалдык-экономикалык кечиктирилгис чараларды ишке ашыруу үчүн БУУнун алкактык программасы

Новости
26-Август 2020-ж.
3383

2020-жылдын 24-августунда БУУнун алкактык программасынын негизги багыттарын талкуулоо боюнча кеңешме видеоконференция форматында болуп өттү, ага Кыргыз Республикасынын Экономика министри Санжар Муканбетов, БУУ системасынын жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышышты.

Кеңешменин жүрүшүндө министр С. Муканбетов коронавирустук инфекциянын (COVID-19) жайылышынын өлкөдөгү социалдык-экономикалык кырдаалга терс таасирин азайтуу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө маалымат берди.

Ошондой эле кеңешменин жүрүшүндө Алкактык программанын максаты КРдагы БУУнун кризистин орто-узак мөөнөттүү социалдык-экономикалык кесепеттерин жеңип чыгууда мөөнөттүү колдоочу негиздерин даярдоо, зарыл болгон ресурстарды аныктоо, ошондой эле COVID-19 менен күрөшүүгө каражаттарды тартуу боюнча мындан аркы аракеттерди колдоо болуп эсептелээри белгиленди.

Бул программа БУУнун системасы тарабынан глобалдык жана өлкөлүк деңгээлде колдоо көрсөтүлгөн социалдык-экономикалык жооптуу чараларынын беш негизги багыттарын белгилейт. Бул багыттар төмөнкүлөрдү камтыйт:

1. Саламаттык сактоо: негизги медициналык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн жана саламаттык сактоо системаларын коргоону камсыз кылуу;

2. Социалдык коргоо: социалдык коргоону камсыз кылуу жана негизги кызматтарды көрсөтүү аркылуу калкка жагымсыз жагдайларды четтетүүгө жардам берүү;

3. Экономикалык калыбына келтирүү: жумуш орундарын коргоо, чакан жана орто ишканаларды жана расмий эмес жумушчуларды экономикалык жактан калыбына келтирүү программалары аркылуу колдоо;

4. Макроэкономика: макроэкономикалык саясаттын калктын эң аярлуу катмарынын кызыкчылыгы, ошондой эле көп тараптуу жана региондук жооп берүү чараларын чыңдоосу үчүн салыктык-бюджеттик жана финансылык дем берүүлөрдү көбөйтүү үчүн шарттарды түзүү;

5. Социалдык биримдик: коомдордун жетекчилигинин астында туруктуулукту жана жооп кайтарууну камсыз кылуу системасын социалдык биримдүүлүккө жана инвестициялоого көмөк көрсөтүү.

Ошол эле учурда Алкактык программа азыркы учурда өтө актуалдуу болуп саналарын, ошондой эле “2018-2040-жылдары Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясын” жана 2018-2022-жж. “Биримдик, ишеним, жаратмандык” орто мөөнөттүү стратегиясын ишке ашырууга шайкеш келерин жана колдой тургандыгын белгилей кетүү керек.

Алкактык программанын негизги бенефициары болуп айыл райондорундагы калктын аз камсыз жана өз алдынча иштеген катмары; расмий эмес шаардык жумушчулар жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү; кайтып келген мигранттар жана алардын үй-бүлөлөрү; чек ара коомчулугунун калкы; кары адамдар, жаштар, балдар, аялдар.

Аталган программа 2021-2022-жылдарга эсептелген.


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу