Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Кыргыз Республикасынын “Оюнчуктардын коопсуздугу жөнүндө” Техникалык регламент” Мыйзамына кол койду.
Мыйзам, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши менен 27.06.13-жылы №3327-V жактырылган.
Мыйзамдын жобосу, алардын атаандашууга жөндөмдүүлүгүн техникалык жөнгө салуу аркылуу жогорулатып, Кыргызстандагы оюнчуктарды өндүрүүнү регламентациялоого жана Кыргызстанга оюнчуктарды жеткизүүгө жана ошону менен бирге, элди коопсуз продукция менен камсыз кылууга багытталган.