Экономика министрлигинде Кыргызстандын Бажы союзуна кирүүсүнүн алкагында консультациялар болуп өттү.

Новости
30-Июль 2013-ж.
2552

"IMGБүгүн КР Экономика министрлигинин Чоң залында Кыргызстандын Бажы союзуна кирүүсүнүн алкагында консультациялар болуп өттү. Бул иш чарада Кыргызстандын азык-түлүк, тигүү жана текстиль продукцияларынын ири өндүрүүчүлөрү жана жабдуучулары катышышты.

КР Экономика министрлигинин техникалык регламенттер жана стандарттар боюнча иштерди координациялоо бөлүмүнүн башчысы, азыркы базар экономикасынын шартында белгилүү мамалекеттердин кээ бир товарларынын импортуна карата чектөө чаралар сыяктуу тарифтик эмес жөнгө салуулардын ролу чоңое тургандыгын белгилеп өттү.

Кыргыз Республикасынын Бажы союзунун кызматташтыгына өтүү процессинде Кыргызстандын кызыкчылыгын жана анын бизнесин коргоо керек. Бажы союзу бажы жолтоолорунун төмөндөөсүн билдирет – бул анык чындык. Бирок, бажы жолтоолорунан башка дагы “тарифтик эмес жолтоолор” (ТЭЖ) деп аталгандар да бар. Бул ТЭЖ мамлекеттерге анын ичинде Россияга, Казахстанга протекционисттик саясат жүргүзгөнгө жол берет, мындайча айтканда алар өзүнүн өндүрүүчүлөрүн бажы чогултууларын көбөйтпөстөн коргой алышат. Мисалы, импорттук товарлардын рыногуна кирүү мүмкүндүгүн бир топ кыйндатуучу же таптакыр мүмкүн эмес кылуучу санитардык жана фитосанитардык талаптары болушу мүмкүн.

Консультациянын жүрүшүндө, ЕЭК Техникалык жөнгө салуу департаментинин өкүлдөрү кийинки маселелер тууралуу баяндашты: БЭМ жан БС техникалык жөнгө салуу системалары; БЭМ жан БС укуктук -келишим базанын укуктук-нормативдик актылары; БС территориясына кыргыз товарларынын кирүү мүмкүнчүлүнүн шарттары - БЭМ жан БС алкагында туура келтиргенге баа берүү системасы; БС техникалык жөнгө салуу системасын түзүүдөгү өнөр жайдын ролу жөнүндө.
Аны менен бирге, пикир алмашуулар да болуп өттү.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу