Экономика министрлигинде Кыргыз Республикасынын Бажы союзуна кошулуу Жол картасы долбоору боюнча кеңешме болуп өттү.

Новости
29-Июль 2013-ж.
2581

"IMGКыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин Чоң залында министрдин орун басары Олег Панкратовдун жетекчилиги астында, Кыргыз Республикасынын Бажы союзуна кошулуу Жол картасы долбоору боюнча, республиканын министрликтеринин жана ведомстволорунун өкүлдөрүнүн катышуусу менен кеңешме болуп өттү.

Бул кеңешме, Кыргыз Республикасынын Бажы союзуна кошулуу маселеси боюнча, ушул жылдын 15-августунда Москва шаарында жана 16-августунда Владимир облусунун Суздаль шаарында Евразиялык Экономикалык Комиссиянын Кеңешинин кеңешмеси пландаштырылган, ошого байланыштуу жумушчу топтун боло турган кеңешмеге Кыргыз Республикасынын Жол картасы долбоору боюнча позициясын даярдоо максатында өткөрүлдү.

Кеңешменин жүрүшүндө, Жол картасынын тармактык багыттары боюнча азыркы учурдун жагдайын талкуулоо болуп өттү, Кыргыз Республикасынын Бажы союзуна кошулуу Жол картасы долбоору боюнча КР позициясын даярдоо үчүн, чечүүгө зарыл болгон көйгөйлүү маселелер ачыкка көрсөтүлдү.

Кеңешменин жыйынтыгында республиканын министрликтерине жана ведомстволоруна аткарууга жибериле турган протокол даярдалды.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу