Кыргыз Республикасы жана Вьетнам Социалисттик Республикасынын ортосунда, түзүлгөн кирешеге катыштуу кош салык төлөөнү болтурбоо жана салык төлөөдөн качууну алдын алуу жөнүндө макулдашуулар долбоору боюнча сүйлөшүүлөрдүн 1-раунду башталды.

Новости
30-Июль 2013-ж.
2735

"IMG2013-жылдын 30-июлунан баштап Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинде Кыргыз Республикасы жана Вьетнам Социалисттик Республикасынын ортосундагы, түзүлгөн кирешеге катыштуу кош салык төлөөнү болтурбоо жана салык төлөөдөн качууну алдын алуу жөнүндө макулдашуулар долбоору боюнча сүйлөшүүлөрдүн 1-раунду башталды.

Азыркы учурда, ар бир мамлекетке аныкталган кирешенин жана капиталдын түрлөрүнө салык төлөө укугун бекитүү жолу менен, өнөктөш-мамлекеттер ортосунда салыктык өз ара мамилелерин жөнгө салууга багытталган, жакынкы жана алыскы чет мамлекеттер менен эки жактуу келишимди орнотуу боюнча иштер жүргүзүлүп жатканын белгилеп кетүү керек.

Ушундай мамлекеттер аралык келишимдин негизги максаты болуп, ар башка өлкөлөрдө ошол эле салыктар менен чарбакер субъектилердин кирешесине жана капиталына кош салык төлөөнү болтурбоо саналат.

Ошондой эле, кош салык төлөбөөнүн келишими, мамлекеттин экономикасына түз чет элдик инвестицияны тартуу ыкмасы катары да каралат.

Мындан сырткары, Келишимдердин негизги милдети болуп, бир мамлекеттин резидентин башка келишим түзүп жаткан мамлекеттин дискриминациялык салык салуусунан коргоо, Келишимдин жоболорун кыянаттык менен пайдаланууну же салык төлөөдөн баш тартууну болтурбоо, келишим түзүп жаткан мамлекеттердин компетентүү органдарынын ортосунда өз ара маалымат менен алмашуу эсептелет.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу