Кыргызстанда интеллектуалдык экономиканын концепциясын иштеп чыгууга киришишти

Новости
05-Август 2020-ж.
3551

Кыргызстанда интеллектуалдык экономиканын концепциясын иштеп чыгууга киришишти.

Дүйнөлүк рыноктордогу болуп жаткан өзгөрүүлөрдү жана COVID-19 пандемиясын эске алуу менен бүгүнкү күндө тез, капитал сыйымдуулукка жана инновациялык чечимдерге өтүүгө негизделген экономикалык өсүштүн жаңы параметрлери аныкталды.

Ушуга байланыштуу Экономика министрлиги кызыкдар мамлекеттик органдар менен биргеликте, өнөктөштөрдүн колдоосу менен креативдүү экономиканы өнүктүрүү Концепциясын иштеп чыгуу боюнча иштерди баштады.

Концепция экономикалык саясаттын - креативдүү индустриясынын инновациялык багытын өнүктүрүү жана илгерилетүү үчүн жөнгө салуучу, укуктук жана экономикалык негиздерди түптөөгө багытталган.

Расмий эмес маалыматтар боюнча азыркы тапта Кыргызстандын ИДПсындагы креативдүү экономиканын үлүшү 7% ды түзөт жана жарнама, архитектура, искусство, интерьер дизайны, мода индустриясы, киноиндустриясы жана видео өндүрүш, көңүл ачуучу компьютердик программалар жана оюндар, музыка, аткаруучу искусство (театралдык), арт-дизайн, көркөм сүрөт искусствосу, басма иши, телевидение, радио сыяктуу жана башка экономикалык тармактарды камтыйт.

Ресурстардын чектелүү шартын жана учурдагы кырдаалды эске алуу менен билимдин, инновациялардын, маалыматтык технологиялардын уникалдуулугуна негизделген жана көбөйтүү тутумун чагылдырган экономикалык өнүгүү маселеси актуалдуу болот, ал чыгармачылык жана социалдык-маданий аспект экономикалык мүмкүнчүлүктөрдүн өсүүсүнүн акселератору болуп калат.

Креативдүү индустрия сектору келечекте кен казуу өнөр жайы секторунун түшүүсүнөн жана мигранттардын акча которууларынан улуттук экономиканын чабалдыгын жоюусу пландаштырылууда, ошондой эле өлкөнүн жана анын региондорунун маданий мурастарын жандандырууга, глобалдашуу шартында мамлекеттин өзүн-өзү таануусун камсыз кылууга көмөктөшөт.


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу