Экономика министрлигинде 2013-жылдын Сапат боюнча премиясын алуу үчүн конкурстун катышуучуларын баалоо боюнча Эксперттик комиссиянын 2-отуруму болуп өттү.

Новости
29-Июль 2013-ж.
2453

"IMGКР Экономика министрлигинде, Экономика министринин орун басары Олег Панкратовдун председателдиги астында Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын Сапат премиясы боюнча Эксперттик комиссиянын 2-отуруму болуп өттү.

Министрдин орун басары, СМБ мүдүрү Султан Ахматовдун председателдиги астында 2013-жылдын 15-июлунда өткөрүлгөн Эксперттик комиссиянын 1-отурумунда, конкурстун катышуучуларын баалоо боюнча эксперттик комиссиянын мүчөлөрүнө кийинки 3 номинация боюнча, конкурска катышкан уюмдардын отчеттору каароого берилгенин белгилеп өттү. Номинациялар: азык-түлүк товарларын жана айыл чарба продукцияларын өндүрүү-21 уюм; элдик керектөө товарларын өндүрүү (тигүү өнөр жайы жана мебель өнөр жайы)-10 уюм; кызмат көрсөтүү (туристтик жана мейманкана кызматтары)-18 уюм.

Эксперттик комиссиянын милдети - уюмдарды баалоо үчүн конкурсанттардын бүгүнкү отурумда конкурска берген бардык материалдарын экспертиза жүргүзүп жана мыкты уюмдарды аныктап берүү.

Кыргыз Республикасынын Сапат тарабынан премия алуу конкурсу республикалык болуп саналат жана 2013-жылы конкурска Кыргызстандын бардык областтарынын уюмдары катышышат, конкурсанттардан Техникалык секретариатка 49 отчет келип түштү, анын ичинде областтар:

Бишкек шаары-15
Чүй облусу-5
Нарын облусу-2
Талас облусу-8
Ыссык-Көл облсу-10
Ош облусу-40
Жалал-Абад облусу-3
Баткен облусу-2

Республиканын бардык аймактарынан иш каналар берилген. О.Панкратов Эксперттик комиссияга, өзүнүн тажрыйбасы менен кызыктар уюмдарды тааныштырууга жардам көрсөтүп жана алар өзүнүн аймагындагы башка уюмдарга үлгү болуп бере алышы үчүн, аймактагы уюмдарга дагы көңүл буруп жана аларды стимулдаштыруу керектигин кабарлады.

Эксперттик топ конкурсанттардын отчетторун-материалдарын экспертиза жүргүзүүнүн жыйынтыгында, эксперттик топтун жетекчилери конкурсанттар боюнча сунуштарын берет, кийин алар эксперттик комиссия менен текшерилет.

Эксперттик топтун жетекчилеринин сунуштар менен чыгуулары:
1. Асылбеков Жумабек Асылбековичтин - азык-түлүк товарларын жана айыл чарба продукцияларын өндүрүү номинациясы боюнча,
2. Садамкулова Фатима Исагуловнанын- элдик керектөө товарларын өндүрүү (тигүү өнөр жайы жана мебель өнөр жайы) номинациясы боюнча,
3. Казаков Данияр Болушевичтин - кызмат көрсөтүү (туристтик жана мейманкана кызматтары) номинациясы боюнча.

Конкурсанттардын материалдарынын-отчетторунун экспертизасынын жыйынтыгы боюнча эксперттик топтун алдын ала берген протоколдорунда кийинки сын пикирлер бар. Протоколдордо Премиянын критерийлерине ылайыктуу иш каналарды комплекстүү баалоо жыйнтыктары боюнча эксперттик корутундуларды көрсөтүү зарыл. Ошондой эле Эксперттик топтун протоколунда тандалган жана текшерүүнүн кийинки этабына өтпөй калган уюмдар үчүн негиз керек.
Эксперттик топтун жетекчилери Асылбеков Д.А, Садамкулова Ф.И жана Казаков Д.Б. сын пикирлер жана сунуштарды эске алуу менен протоколдорду даярдашат.
Конкурстун III- этабынын иштери: конкурсанттарды текшерүү жүргүзүүнү уюштуруу.
Мөөнөтү: 2013-жылдын 1-августунан баштап 20-августуна чейин.

Техникалык секретариат, Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын Сапат тарабынан премия алуу боюнча конкурсант-уюмдарды текшерүүнүн алдын ала Графигин даярдады.
Аны менен бирге, министрдин орун басары О.Панкратовдун сөзү боюнча, Техникалык секретариат эксперттик комиссиянын жана текшерилип жаткан уюмдардын сунуштарын эске алып, конкурстун катышуучу-уюмдарына текшерүү жүргүзгөн күндөрү боюнча, коррективдөөлөрдү киргизип жана аны эксперттик комиссияга көрсөтөт.
Тандап алынган уюмдарды текшерүү Техникалык секретариаттын өкүлдөрүнүн катышуусу менен бирге эксперттик топтор менен График аркылуу бекитилген мөөнөттө ишке ашырылат. Эксперттик топтун жетекчилери 19-августка чейинки мөөнөттө жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн жыйынтыгы менен текшерилген уюмдар боюнча эксперттик корутунду даярдашат.

Эксперттик комиссиянын III- этабын жыйынтыктап жатып конкурстун дипломанттары жана лауреаттары наамына талапкерлерди аныктап, Кеңештин кароосуна сунуштарды даярдап (Эксперттик комиссиянын протоколдору) жана Техникалык секретариатка сунушташат.
2013-жылдын 25 августуна чейинки мөөнөттө.

2013-жылдын 20-августунда саат 11:00дө конкурстун катышуучуларын баалоо боюнча Эксперттик комиссиянын 3-жыйынтыктоочу отуруму өткөрүлөт.
Жыйынтыктоочу отурумда Эксперттик топтун жетекчилери туура келген номинациялар боюнча конкурстун дипломанттары жана лауреаттары боюнча сунуштарын киргизишет. Бул отурумга даярдык көрүү үчүн эксперттик топтун жетекчилери, конкурстун дипломанттары жана лауреаттары наамына талапкерлерди аныктоо боюнча эксперттик топтун протоколдорун даярдап жана Техникалык секретариатка 2013-жылдын 19-августуна чейин сунуш кылынат.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу