Пандемияга карабастан, көптөгөн ишканалар өндүрүштүк кубаттуулугун көбөйттү

Новости
30-Июль 2020-ж.
4271

Ушул жылдын I жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча коронавирус пандемиясына байланыштуу кризиске карабастан өнөр жайда оң динамика байкалууда. Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча Кыргыз Республикасынын өнөр жай ишканалары тарабынан 153471,0 млн. сом суммасында продукция өндүрүлгөн, мында физикалык көлөмдүн индекси 100,1%ды түзгөн. Өнөр жай продукциясынын көлөмү негизинен Талас облусунун (107,5%), Жалал-Абад облусунун (101,9%), Ысык-Көл облусунун (107,2%), Баткен облусунун (103,7%) чарбакер субъекттери тарабынан камсыздалган.

Машиналарды жана жабдууларды эске албаганда, фармацевтикалык продукцияларды (2,4 эсеге) жана химиялык продукцияларды (10,9 пайызга) өндүрүүнүн көбөйүшү, ошондой эле пайдалуу кендерди казып алуу (9,8 пайызга), негизги металлдарды жана даяр металл буюмдарын (9,0 пайызга) өндүрүү байкалууда.

Республиканын жалпы көлөмүнүн эң жогорку салыштырма салмагы Чүй облусу боюнча - 47,4%, Ысык-Көл облусу боюнча - 27,5% жана Жалал-Абад облусу боюнча - 9,0% ды түзөт.

“Глобал алко” ЖЧК, “Адал азык” ЖЧК, “Фулд Голд Майнинг” ЖЧК үч эсе, “Умут и ко” ЖЧК, “Арашан” ААК, “Фаир” ЖЧК, “Вертекс Голд Компани” ЖЧК эки эсе, “Тау-Тона” ЖЧК, “Нур” ЖЧК, “Ак-Булак комур” ЖЧК, “Барбол” ЖЧК, “Агросоюз” ЖЧК, “Болот” ААК, “Данур Юг” ЖЧК, “Кыргыз комур” МИ, “Мин-Куш” ЖЧК, “Шарбон” ЖАК, “Нарк тоо” ЖЧК Аффинаждоо заводу, “Алтын кен” ЖЧК, “Ак сут” ААК, “Урсус” ЖАК, “Ак-Жалга” АК, “Каз минералз Бозымчак” ЖЧК, “Кыргызнефтегаз” ААК, “НПЗ БАЙЭЛ-3” ЖЧК, “Кыргыз Петролеум Компани” БИ, “ЮКСМ” ЖЧК, “Синжи прим” ЖЧК, “Коттон –текстиль-Фактори” ЖЧК, “Талас- сүт” ЖАК, “Талас даамы” ЖЧК, “Айдаркен сурьма комбинаты” АК, “Кен-Ордо” ЖЧК ж.б. ишканалардын республика боюнча өндүрүш көлөмдөрү көбөйдү.

Ошону менен бирге толук кубаттуулукта иштебеген ишканалар бар, бул ишканалар республиканын бардык региондорунда толук кандуу иштөө үчүн ар кандай чараларды көрүүдө. 

Кыргыз Республикасынын региондорунда: Жалал-Абад облусу боюнча “Таш ордо Касан-Сай” ЖЧК - курулуш ташын казып алуу боюнча ишкана, “Агро-Кен” ЖЧК-сүт продукциясын өндүрүү боюнча ишкана, “Жеңиш Строй плюс” ЖЧК - турак жай жана турак жай эмес имараттарды куруу боюнча ишкана ж.б., Чүй облусу боюнча “Биовит” ЖЧК - дары-дармек каражаттарын чыгаруучу завод, Чалдовар айылындагы кум блогун чыгаруучу цех ж. б., Ош шаары жана Ош облусу боюнча эт продукцияларын өндүрүү цехи, тигүү цехи, эмерек цехи ж.б., Баткен облусу боюнча “Сурма - Таш” ЖЧК - сурьма ондүрүү боюнча ишкан, “Глобал гармент” тигүү цехи ж.б., Ысык-Көл облусу боюнча “Каныкей” тигүу цехи - кийим тигүү, пластикалык терезелерди жана эшиктерди өндүрүү ж.б. сыяктуу ири бизнес субъектилери ишке киргизилип жатат 

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу