Кыргыз Республикасынын соода кызматкерлеринин күнүнө 1-августтан 31-августка чейин “Жылдын эң мыкты ишкери” аттуу республикалык конкурс болуп өтөт.

Новости
24-Июль 2013-ж.
2469

Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн соода секторуна маанилүү салымын, ошондой эле калктын керектөөсүн канааттандырууда соода кызматкерлеринин маанилүү ролун эске алуу менен жыл сайын 8-сентябрда белгилене турган, профессионалдуу майрам – Кыргыз Республикасынын соода кызматкерлеринин күнү 2013-жылдын 20-мартындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн № 141 токтому менен бекитилген.

Азыркы учурда Кыргыз Республикасынын экономика мниистрлиги Кыргыз Республикасынын эмгек, миграция жана жаштар министрлиги жана Кыргызстандын соода жана кызмат көрсөтүү ишканаларынын, базарларынын Ассоциациясы менен биргеликте Кыргыз Республикасынын соода кызматкерлеринин күнүн майрамдоо боюнча даярдыкты баштады, жана аны өткөрүүнүн орду жана күнү болжол менен 2013-жылдын 6-сентябрында «Cosmopark» оюн-зоок комплексинде белгиленет.

Кыргызстандын мыкты ишкерлеринин табууда жана ишкерликтин иш аракеттери үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын соода кызматкерлеринин күнүнө карата 2013-жылдын 1- августунан 31-августуна чейин 4 номинациядагы ар бир байгелүү орун боюнча «Жылдын эң мыкты ишкери» республикалык конкурсун өткөрүү пландалууда.

Ушуга байланыштуу конкурстун уюштуруучулары бизнес-компаниялардын жетекчилерин өздөрүнүн ишканаларынын жана мыкты кызматкерлеринин жеңүүчүлөрүн конкурсттук комиссия менен аныктоо үчүн жана аларды сыйлоо боюнча керектүү маалыматтарды 2013-жылдын 20-августуна чейин (Жободо баалоонун критерийлери жазылган) asrtu@mail.ru электрондук адресине жиберүүнү суранат. Жеңүүчүлөрдү сыйлоо жөрөлгөсү Кыргыз Республикасынын соода кызматкерлеринин күнүн майрамдоодо жүргүзүлөт (06.092013ж. «Cosmopark» ОЗКде).

Конкурс тууралуу Жобосу 8 баракта тиркелет.
Бардык суроолорду, сунуштарды жана сын-пикирлерди жогоруда белгиленген электрондук адрес боюнча жиберүүнү суранабыз (asrtu@mail.ru).

Байланыш тел. + 996 312 902015
Факс: + 996 312 902016

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу