Кытай Кыргызстанга гранттык негизде көчмө госпиталь берет

Новости
23-Июль 2020-ж.
3156

Кытай Кыргызстанга гранттык негизде көчмө госпиталь берет. Экономика министри Санжар Муканбетов Кытай Эл Республикасынын элчиси Ду Дэвэнь менен Кыргызстандагы көчмө госпиталды жеткирүү маселесин талкуулады.

“Тараптар КЭР Өкмөтүнүн гранттык каражаттарынын эсебинен каржылануучу “көчмө госпиталь” долбоорун ишке ашырууну тездетүү зарылдыгын талкуулашты. Ду Дэвэнь бул долбоордун маанилүүлүгүн белгилеп, долбоорду илгерилетүү үчүн көмөк көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди”.

Эпидемиологиялык кырдаалдын начарлашына байланыштуу жарандар үчүн негизги көйгөй медициналык мекемелерде орундардын жоктугу болду. Буга байланыштуу эксперттер толук жабдылган ооруканаларды куруу зарылдыгын бир нече жолу билдиришкен.


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу