Экономика министирлиги 2020-жылдын 1-октябрына чейин салыктык отчеттуулуктун мөөнөтүн узартууну сунуштайт

Новости
16-Июль 2020-ж.
3499

Кыргыз Республикасынын Экономика министирлиги салыктык отчеттуулукту, мамлекеттик социалдык камсыздандыруу каражаттары боюнча отчеттуулукту, ошондой эле жергиликтүү маанидеги инфратүзүмдү өнүктүрүү боюнча отчетторду берүү мөөнөтүн 2020-жылдын 1-октябрына чейин узартуу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун долбоорун коомдук талкууга чыгарды. 


Долбоор кырдаалдын начарлап бара жаткандыгына байланыштуу, аймактык салык органдарында калктын жыйналуусуна жол бербөө жана Ковид-19 коронавирус инфекциясынын таралуу коркунучу менен тобокелчиликтерин азайтуу максатында, ошондой эле бизнес коомчулуктун кайрылуусуна байланыштуу сунушталдууда. 


          Документте бекитилгендей жеке ишкерлер жана уюмдар 2020-жылдын экинчи кварталындагы отчеттук мезгилдер үчүн жана/же 2020-жылдын 1-июнунан 31-августуна чейин жазуу жүзүндөгү арызысыз 2020-жылдын 1-октябрына чейин төмөнкүлөрдү берүүгө укуктуу: 

- Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин аймактарынан Кыргыз Республикасынын аймагына товарларды импорттоодо кыйыр салыктар боюнча салыктык отчеттуулуктан тышкары салыктык отчеттуулукту;

- мамлекеттик социалдык камсыздандыруу каражаттары боюнча отчеттуулукту;

- жергиликтүү маанидеги инфратүзүмдү өнүктүрүүгө жана күтүүгө чегерүүлөр боюнча отчетту (FORM STI-157).


Белгилей турган нерсе, токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2020-жылдын 1-июлунан тарта күчүнө кирет, башкача айтканда артка карай күчкө ээ жана эгер салык төлөөчү көрсөтүлгөн убакытта (2020-жылдын 15- жана 20-июлунда) отчетторду бербесе, анда ага эч кандай жоопкерчилик чаралары колдонулбайт. 

Токтом долбоору демилгеленип 2020-жылдын 10-июлунан тартып Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн сайтында жайгаштырылган

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу