Министр С.Муканбетов Экономикалык Кызматташтык жана Өнүктүрүү Уюмунун Вебинарына катышты

Новости
11-Июнь 2020-ж.
4184

Борбордук Азия өлкөлөрүнүн өкмөттөрүнө колдоо көрсөтүү максатында, Экономикалык Кызматташтык жана Өнүктүрүү Уюму Борбордук Азия өлкөлөрүнө COVID-19 потенциалдуу таасирине талдоо жүргүздүалардын күчтүү жана алсыз жактарын изилдеп чыгып, Алардын күчтүү жана алсыз жактарын иликтеп чыгып, ЭКӨУ өлкөлөрүнүн тажрыйбаларын кризиске каршы саясат чараларын иштеп чыгууга жардам бере турган тиешелүү багыттар боюнча Борбор Азия мамлекеттери менен бөлүшкүсү келгендигин билдирди.

2020-жылдын 10-июнунда экономикалык кызматташтык жана өнүктүрүү уюмунун (ЭКӨУ) жетекчилеринин Кыргызстандын, Монголиянын, Өзбекстандын, Тажикстандын, Түркмөнстандын, Казакстандын жана Афганистандын экономикалык жана тышкы саясий мамлекеттик органдарынын башчылары менен видеоконференция форматында жолугушуусу болуп өттү.

Бул вебинар иштеп жаткан кризистин татаал шарттарында ЭКӨУ тарабынан аткарылган иштердин алгачкы жыйынтыктарын талкуулоого мүмкүнчүлүк берди; ошондой эле салык салуу, акча-кредит саясаты, ошондой эле жумуш менен камсыз кылуу жана билим берүү сыяктуу тармактар боюнча пайдалуу тажрыйба алмашууга жана экономиканы калыбына келтирүүнүн регионалдык курсун пландаштырууга мүмкүнчүлүк берилди.

Бул видео конференцияга Кыргыз Республикасынын Экономика министри Санжар Муканбетов катышып, COVID-19 коронавирустук инфекциясынын жайылып жаткан учурунда экономиканын эң актуалдуу маселелерин талкуулады.

Талкуу учурунда Борбордук Азия өлкөлөрүнүн, анын ичинде Кыргыз Республикасынын да экономика министрлеринин баяндамалары угулду. С.Муканбетов тарабынан маалыматтык технологияларды колдонуу жана аларды жеке секторго активдүү киргизүү жолу менен Кыргыз Республикасынын экономикасын санариптештирүү жаатындагы жетишкендиктер белгиленди.

Тараптарга Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги экономикалык абалды туруксуздаштырууга жол бербөө үчүн алдын-ала кадамдар жасалып жаткандыгы, ошондой эле COVID-19 инфекциясынын жайылышы шартында ишкердикти жана экономикалык туруктуулукту колдоо боюнча иш-чаралар планы иштелип чыккандыгы маалымдалды.

Жолугушуунун жыйынтыгында катышуучулар тыгыз кызматташууга жана дүйнөлүк экономикалык проблемаларды чечүү үчүн натыйжалуу жана жемиштүү диалог жүргүзүү максатында видеоконференциянын форматын келечекте жигердүү колдонуу ниеттерин билдиришти.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу