Экономика министрлигинде КРӨ жана Түркиянын Өкмөтүнүн ортосундагы инвестицияны коргоо жана дем берүү тууралуу келишим боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

Новости
22-Июль 2013-ж.
2609

2012-жылдын 4-апрелиндеги Соода-экономикалык кызматташтык боюнча кыргыз-түрк Өкмөт аралык комиссиянын алтынчы отурумундагы протоколду аткаруу боюнча Иш чаралар планына ылайык, Анкара шаарында 1992-жылы 28-апрелде кол коюлган, 1996-жылы 31-октябрда күчүнө кирген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Түркиянын Өкмөтүнүн ортосундагы инвестицияны эки жактан тең коргоо жана дем берүү тууралуу келишимин жаңылоо жана кол коюуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү 2013-жылдын биринчи жылдыгында өткөрүү макулдашуусуна жетишишкен.

Ушуга байланыштуу, Түрк тарап сунуштаган Келишимдин долбоору Министрлик менен каралып жана Кыргыз Республикасынын министрликтери жана ведомстволору менен макулдашылган. Кыргыз тарап сын пикирлери жана сунуштары менен даярдаган корутунду түрк тарапка жөнөтүлгөн.

Министрлик, 2013-жылдын 23-24-июлуна чейин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Түркиянын Өкмөтүнүн ортосундагы инвестицияны эки жактан тең коргоо жана дем берүү тууралуу келишимин жаңылоо жана кол коюуу тууралуу сүйлөшүүлөрдүн биринчи раундун өткөрүүгө даярдыгын билдирди.

Түрк делегациясынын тизмеси:

1. Hasan Aslan AKPINAR - делегациянын төр агасы, Түркия Республикасынын Экономика министрлигинин (ТР ЭМ) Чет элдик капитал жана Башкы башкармачылыктын эл аралык мамилесине стимулдаштырууну колдонуу боюнча бөлүмдүн башчысы;
2. Betül Buke KARAÇİN - ТР ЭМ Чет элдик капитал жана Башкы башкармачылыктын эл аралык мамилесине стимулдаштырууну колдонуу боюнча бөлүмүнүн тышкы соода боюнча адиси;
3. Ali Emir BAĞIŞ - ТР ЭМ Чет элдик капитал жана Башкы башкармачылыктын эл аралык мамилесине стимулдаштырууну колдонуу боюнча бөлүмүнүн тышкы соода боюнча адиси;
4. Чагатай Озден - Түркия элчилигинин соода боюнча кеңешчиси;
5. Алмаз Макешов - котормочу.

Кыргыз делегациясынын тизмеси:

1. Нурмат Токтоматов - КР Экономика министрлигинин Инвестиция башкармалыгынын башчысы;
2. Нурбек Максутов - КР ЭМ Инвестиция башкармалыгынын МЖӨ жана инвестицияны алдыга жылдыруу жана саясат бөлүмүнүн башкаруучусу;
3. Индира Ахматова - КР ЭМ Укуктук колдоо жана экспертиза кызматынын башкы адиси;
4. Айдай Байджигитова - КР ЭМ Инвестиция башкармалыгынын МЖӨ жана инвестицияны алдыга жылдыруу жана саясат бөлүмүнүн алдыңкы адиси.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу