Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Германия Федеративдик Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда 2019-2020-жылдарга техникалык жана финансылык кызматташуу жөнүндө макулдашууга кол коюлду

Новости
29-Май 2020-ж.
4221

Бүгүн, 2020-жылдын 29-июнунда Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Германия Федеративдик Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда 2019-2020-жылдарга техникалык жана финансылык кызматташуу жөнүндө макулдашууга кол коюу аземи болуп өттү.

Аталган макулдашууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан Кыргыз Республикасынын Экономика министри Санжар Муканбетов, Германия Федеративдик Республикасынын Өкмөтүнүн атынан ГФРнын Кыргыз Республикасындагы элчиси - Моника Иверсен кол коюшту.

Аталган макулдашуу Кыргыз Республикасы менен Германия Федеративдик Республикасынын ортосундагы өнүктүрүү максаттарында эки тараптуу кызматташуунун негизги багыттарын чагылдырат.

Жогоруда аталган макулдашуулардын алкагында эки тараптуу финансылык жана техникалык кызматташтык багыты боюнча бөлүнгөн гранттык каражаттардын көлөмү 41,8 млн.еврону түзөт. Бул каражаттар КР Жогорку Кеңешинде макулдашуу ратификациялангандан кийин ГФР тарабынан берилет.

Германия Федеративдик Республикасынын Өкмөтү тарабынан Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгына ээ болгон учурдан тартып көрсөтүлүүчү жардам Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн артыкчылыктары жана милдеттери менен тыгыз байланышта. Ошондой эле Германия Федеративдик Республикасынын Өкмөтү өнүгүү боюнча кызматташуу жүрүп жаткан ар кандай өлкөлөр жана эл аралык донордук уюмдар менен катар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн негизги өнөктөштөрүнүн бири экендигин белгилей кетүү керек.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу