Мамлекеттик компаниялардын башкаруу органдарындагы мамлекеттик өкүлдөрдүн ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу жөнүндө

Новости
14-Май 2020-ж.
3933

Экономика министрлиги тарабынан КРӨнүн “Мамлекеттик органдар тарабынан мамлекеттин катышуусу менен жүргүзүлүүчү чарбалык субъекттердин башкаруу органдарынын мүчөлөрүнүн кызмат ордуна талапкерлерди тандоо жана көрсөтүү маселелери жөнүндө” токтому КР Өкмөтүнүн Аппаратынын кароосуна киргизилүүдө.

Аталган токтомдун долбоору мамлекеттик компаниялардын башкаруу органдарындагы мамлекеттик өкүлдөрдүн ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында даярдалган. Тактап айтканда, Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондундагы системалуу коррупцияны жоюу планына ылайык Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонду сыяктуу эле, Социалдык фонду да көрсөткөн мамлекеттик компаниялардын башкаруу органдарынын талапкерлерине карата бирдиктүү талаптарды коюу сунушталууда.

Ошондой эле бул талапкерлерге квалификациялык талаптарды күчөтүү, терс негиздер боюнча бошотулган жетекчилердин “кара тизмесин” жүргүзүү практикасын киргизүү сунушталууда.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу