Ишкердик субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүгө мораторийдин мөөнөтүн узартуу жөнүндө

Новости
12-Май 2020-ж.
5002

Өлкөдөгү экономикалык кырдаалды тез арада турукташтыруу жана бизнес чөйрөсүнүн активдүүлүгүн камсыз кылуу максатында Экономика министрлиги тарабынан КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 17-декабрындагы № 586 “Ишкердик субъекттерине текшерүү жүргүзүүгө убактылуу тыюу салуу (мораторий) жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” КРӨнүн токтом долбоорун иштеп чыкты жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына кароого киргизди, ал ишкердик субъекттерин текшерүүгө мораторийдин мөөнөтүн 2022-жылдын 1-январына чейин узартууну карайт.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн аталган токтомунун 1-пунктуна ылайык мораторийдин колдонуу мөөнөтү 2019-жылдын 1-январынан 2021-жылдын 1-январына чейин белгиленгендигин белгилей кетүү керек.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу