Экономика министрлиги Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерин Улуу Жеңиш күнүнүн 75 жылдыгы менен куттуктайт

Новости
08-Май 2020-ж.
4399

Министр Санжар Муканбетов Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин жана жеке өзүнүн атынан 9-май Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгы менен ардагер Абдухалик Гайнинди куттуктады.

Министр белгилегендей, бул майрам баарыбыз үчүн өзгөчө. Ал эл биримдигинин, эрдиктин, баатырдыктын жана мекенге болгон чексиз сүйүүнүн ачык символу болуп саналат. Миллиондогон адамдар фашисттик Германияны жеңүүгө өз салымын кошушкан, алардын көпчүлүгү биздин өлкөнүн эркиндиги жана көзкарандысыздыгы үчүн өз өмүрүн беришкен.

“Сиздин муун эң оор сыноолорду баштан кечирди, бардык жакшы нерселерге татыктуу. Согуш талааларынан кайтып келбегендер Сиздердин эсиңиздерде калышты, ошол унутулбаган оор күндөрдү эскерүү зарыл” - деп министр ыраазычылык билдирди.

Ардагерге чың ден-соолук, узун өмүр каалап белектерди тапшырды жана конвертте материалдык жардам көрсөттү.

Абдулхалик Коюмович - 93 жашта, согушка Ыраакы Чыгышта, Харбинде, Венада, Болгарияда телеграфист катары барган. Ала-Арча -1 Мамлекеттик резиденциясында электрик болуп иштеп, 81 жашында пенсияга чыккан.

Министрдин орун басары Автандил Алыбаев согуштун ардагери Зубов Иван Александровичти Экономика министрлигинин жана жеке өз атынан Улуу Жеңиштин 75 жылдыгы менен чын жүрөктөн куттуктап, бардык жакшы тилектерин айтты. Ошондой эле, ден-соолук, бакубатчылык жана майрамдык маанай каалап, белектерди жана конверт менен материалдык жардамдарды тапшырды.

Иван Александрович - 97 жашта, Москвадан Фрунзе дивизиясынын 5-полкунда ыктыярдуу кызмат өтөгөн жана согушка катышкан, туткундалып, жарадар болгон, андан соң Берлинге чейин жеткен. Ал Бишкектеги Айыл чарба институтунда фотограф болуп иштегенден кийин ардактуу эс алууга чыккан.

Статс-катчы Айдин Шаршеев Экономика министрлигинин жана жеке өз атынан 1926-туулган, согуштун катышуучусу, тылда эмгектенген - Жигайлова Елена Петровнаны Улуу Жеңиш күнү менен чын жүрөктөн куттуктап “Эмгек эрдиктеринин натыйжасында, эркиндикти, көз карандысыздыкты, жаркын келечекке болгон ишенимди сактап калдыңыздар” – деп ыраазычылык билдирди. Ал Елена Петровнага чың ден соолук, узак өмүр, бакыт жана бакубатчылык каалады. Ошондой эле ал белектерди жана конверт менен материалдык жардамдарды тапшырды.

Жыл сайын 9-майдын алдында биз өлкөбүздүн кыйын жылдарында аман калган жана бизге жеңишти белек кылган баатырларыбызды куттуктайбыз.

Урматтуу Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери жана тылдын эмгекчилери! Сиздердин эрктүүлүк жана кайраттуулук үчүн терең таазим этебиз!

Сиздерди Жеңиш менен куттуктайбыз!

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу