Региондорду өнүктүрүү фонддорун түзүүнүн тартиби жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралу

Новости
29-Апрель 2020-ж.
4190

Республикада COVID–19 коронавирустун таралышына байланыштуу эпидемиологиялык кырдаалды турукташтыруу максатында, 2020-жылдын 9-апрелинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан өзгөчө кырдаал мезгилинде КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 10-ноябрындагы “Региондорду өнүктүрүү фонддорун түзүүнүн тартиби жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу” токтомуна тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө чечим кабыл алынган, ал фонддорго келип түшкөн чегерүүлөрдүн жалпы көлөмүнөн 30% га чейинки каражаттарды региондогу эпидемиялык кырдаалдын пайда болушуна жол бербөөгө байланыштуу иш-чараларга багыттоону карайт.

Экономика министрлиги тарабынан ата мекендик ишкерлерди колдоого байланыштуу чечимдерди иштеп чыгуу иштери жүргүзүлүүдө. Экономика министрлиги жергиликтүү администрацияларды агросектордо иштеген ишкерлерди, ошондой эле жарандардын санитардык коопсуздугун камсыз кылуу менен кайра иштетүүчү ишканаларда жергиликтүү деңгээлде колдоо үчүн активдүү позицияны көрсөтүүгө чакырат.

КР Финансы министрлигинин маалыматы боюнча 5 жыл ичинде аймактарды өнүктүрүү Фондуна тоо - кен компанияларынын төлөмдөрүнөн 2,1 млрд. сом түшкөн, анын ичинде 2019-жылы - 575,5 млн. сом. Мында отчеттук жылдын жыйынтыгы боюнча өздөштүрүлгөн сумма 429,2 млн.сомду же 75% ды түздү. 2020-жылы жалпы 420,4 млн.сом суммасында түшүүлөр болжолдонууда, анын 30% дээрлик 126,1 млн. сомду түзөт.

Бүгүнкү күндө дүйнө өлкөлөрү COVID–19 вирусунун жайылышына байланыштуу оор экономикалык кыйынчылыктарды башынан өткөрүүдө.

Өкмөт тарабынан COVID–19 вирусунун жайылышына жол бербөө боюнча чаралар кабыл алынып жаткандыгын белгилей кетүү керек. Март айында биринчи кезектеги кыска мөөнөттүү планы кабыл алынган.

Атап айтканда, жеке жактар үчүн кредиттик карыздарды төлөөнү кийинкиге калтыруу, ошондой эле салык, социалдык төлөмдөр жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр боюнча төлөмдөрдү үч айга жылдыруу чаралары көрүлдү. Ошондой эле салык декларацияларын тапшыруу мөөнөтү да узартылган.

Ошону менен бирге, COVID - 19 коронавирусунун жайылышына каршы күрөшүү үчүн финансылык ресурстарды тартуу максатында, ошондой эле өлкөнүн экономикалык өнүгүшүн андан ары колдоо үчүн өнүктүрүү боюнча финансылык өнөктөштөр менен бир катар сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөн.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу