Продукциялардын шайкештигин баалоо жол-жоболорун колдонуунун убактылуу мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө

Новости
27-Апрель 2020-ж.
3815

Коронавирустук инфекциясынын (COVID-19) жайылышына байланыштуу эпидемиологиялык жагдайга байланыштуу Евразия экономикалык бирлигинин рыногунда продукциянын тартыштыгын алдын алуу максатында ЕАЭБдин техникалык регламенттеринин талаптарына шайкештикти ырастоо боюнча иштерди жүргүзүүдө продукцияны сертификациялоо боюнча органдар тарабынан өндүрүү абалына талдоо жүргүзүүнүн жана продукциянын үлгүлөрүн (сынамыктарын) тандап алуунун милдеттүү жол-жоболорун жүргүзүү үчүн өндүрүшкө чыгуу мүмкүн болбогон учурда ЕАЭБдин колдонуудагы укугун эске алуу менен Евразия экономикалык комиссиясы төмөнкү жол-жоболорду колдонуунун убактылуу мүмкүнчүлүгү жөнүндө маалымдайт.

Сериялык өндүрүлгөн сертификацияланган продукцияны кийинки пландуу инспекциялык контролго карата сертификациялоо боюнча органдарына:

- ушул орган тарабынан күбөлөндүрүлгөн продукциянын үлгүлөрүн (проба) изилдөө (сыноо) жана өлчөө жолу менен инспекциялык контролду жүзөгө ашырсын, мында инспекциялык контролдоо максатында продукцияны сыноо үчүн үлгүлөрдү тандоо, анын ичинде убактылуу сактоо кампасында, бажы кампасында, транспорт каражатынын сыйымдуулугуна карата, ошондой эле соода тармактарында жүргүзүлүшү мүмкүн, же сертфикациялоо боюнча органдын менеджмент системасынын тиешелүү жол-жоболорунун алкагында сертификацияланган продукцияны өндүрүүнүн технологиялык процессинин жана продукцияга техникалык документтердин өзгөрүлбөгөндүгү жөнүндө даярдоочунун каты болгон учурда 6 айга чейинки мөөнөткө инспекциялык контролдоо жол-жобосун өткөрүп берсин.

Продукциянын сертификациялоо түрүндөгү шайкештигин тастыктоого карата, продукцияны сериялык сертификациялоого өтүнмөлөр келип түшкөндө, ЕАЭБ техникалык регламенттеринин талаптарына ылайык, сертификациялоочу органдар, массалык өндүрүлгөн продукциянын ЕАЭБ техникалык регламенттеринин талаптарына шайкештигин тастыктоо боюнча милдеттүү жол-жоболорду жүргүзүү мүмкүн болбосо, продукциянын партиясына же бирдиктүү буюмдарга сертификациялоо схемаларын продукциянын партиясына же бир продукцияга шайкештик сертификатын каттоо менен колдонушат.

Мында продукциянын партиясын (бирдиктүү буюмду) идентификациялоо жана сыноо жүргүзүү үчүн продукциянын партиясынан үлгүлөрдү (пробаларды) алуу ЕАЭБдин тиешелүү техникалык регламенттеринде белгиленген тартипте жүргүзүлөт

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу