ЕАЭБге мүчө мамлекеттерге карата медициналык багыттагы эмес коргоочу бет каптарды жана респираторлорду экспорттоого тыюу салууну алып салуу жөнүндө

Новости
17-Апрель 2020-ж.
4095

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-февралындагы “Дары-дармек жана медициналык каражаттарды Кыргыз Республикасынан экспорттоого убактылуу тыюу салуу жөнүндө” токтомунун ЕАЭБге мүчө мамлекеттерге карата медициналык багыттагы эмес коргоочу бет каптарды жана респираторлорду экспорттоого уруксат берүү бөлүгүнө өзгөртүүлөр киргизилген.

Бул өзгөртүүлөр COVID-19 пандемиясына байланыштуу Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынынын жүрүшүндө ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин башчыларынын макулдашуулары менен шартталган, ал 2020-жылдын 14-апрелинде (видео конференция) түрүндө өткөрүлгөн.

ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин башчылары биргелешкен билдирүү менен чыгып сүйлөшкөн, анда социалдык жактан маанилүү товарлардын, тамак-аш азыктарынын, медицина жабдыктарынын жана препараттарынын, өздүк коргонуунун медициналык каражаттары ж.б. товарларын эркин өткөрүү принцибин сактоо зарылчылыгы белгиленген жана ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин өкмөттөрүнө COVID-19 инфекциянын жайылышын алдын алуу жана болтурбоо боюнча координацияланган чараларды жүргүзүү, биздин экономикалык кызматташтыкты чыңдоо, ички функциянын туруктуулугун сактоо, анын ичинде азык-түлүк, рыноктор, COVID-19 пандемиясынын терс кесепеттерин жеңүү үчүн биздин мамлекеттин жарандарын жана бизнести колдоо иштери тапшырылган.

Ушуга байланыштуу ЕАЭБ мүчө мамлекеттерине жана коргоо маскаларын өндүрүүнү ишке ашырып жаткан ата мекендик ишкерлерге колдоо көрсөтүү максатында, КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 15-апрелиндеги “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-февралындагы “Дары-дармек жана медициналык каражаттарды Кыргыз Республикасынан экспорттоого убактылуу тыюу салуу жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу” токтому менен ЕАЭБге мүчө мамлекеттерге карата медициналык багыттагы эмес коргоочу бет каптарды жана респираторлорду экспорттоого тыюу салууну алып салуу жөнүндө чечим кабыл алынган.

Оңдоолорго ылайык, ата мекендик ишкерлер экспорттолуучу товар медициналык максаттарда колдонулбай тургандыгы жана медициналык буюм болуп саналбай тургандыгы жөнүндө жана товардын Кыргыз Республикасында чыгарылышы тууралуу сертификаттын болушу жөнүндө КР Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Дары-дармек менен камсыздоо жана медициналык техника департаментинин расмий маалыматтарынын негизинде ЕАЭБ ТЭИ ТН 6307 90 980 0 коду менен классификацияланган медициналык багыттагы эмес бет каптар менен респираторлорду экспорттой алышат.



Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу