Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин мүчөлөрүнүн жолугушуусунун жыйынтыктары

Новости
14-Апрель 2020-ж.
3878

2020-жылдын 14-апрелинде Евразия экономикалык бирлигинин (мындан ары - ЕАЭБ) мүчө мамлекеттеринин башчылары коронавирустук инфекцияга каршы күрөшүү жана Евразия экономикалык бирлигинин мүчө мамлекеттеринин экономикалык туруктуулугун сактоо боюнча чараларга арналган видео конференция режиминде Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин (мындан ары - ЖЕЭК) мүчөлөрүнүн жумушчу жолугушуусуна катышышты.

Мамлекеттердин башчылары тарабынан пандемия шартында экономикалык туруктуулукту камсыздоо боюнча ЕАЭБ алкагында кабыл алынган чаралар, атап айтканда кризиске каршы турукташтыруучу чаралардын комплекси жана 2020-жылдын 10-апрелинде Евразия өкмөттөр аралык кеңеши тарабынан бекитилген ЕАЭБ өлкөлөрүнүн экономикаларын калыбына келтирүү жана андан ары өнүктүрүү боюнча чаралар талкууланды.


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу