КР Өкмөтүнүн экономикалык жана социалдык туруктуулукка тийгизген терс таасирин азайтуу боюнча биринчи кезектеги чаралардын планы

Новости
06-Апрель 2020-ж.
2840

Республикада терс экономикалык кесепеттердин пайда болушуна, анын ичинде дүйнөдө коронавирустук инфекциясы менен байланышкан ишкердик иштин жагдайына байланыштуу, Кыргызстан үчүн терс экономикалык кесепеттерди азайтуу максатында, КР Өкмөтү тарабынан COVID-19 вирусунун жайылышына байланыштуу социалдык жана экономикалык туруктуулукка тийгизген терс таасирин азайтуу боюнча 2020-жылга карата биринчи кезектеги чаралардын планы иштелип чыкты.

План өзүнө калкты социалдык колдоо жана азык-түлүк коопсуздугу, ишкердик субъекттерин колдоо жана мамлекеттик бюджеттин туруктуулугу сыяктуу социалдык маанилүү жана экономикалык багыттар боюнча бир катар маанилүү иш-чараларды камтыйт.

Калкты социалдык жактан колдоонун алкагында Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги бекиткен тизмеге ылайык калктын социалдык аярлуу катмарына азык-түлүк түрүндө жардам көрсөтүү, номенклатурага ылайык товарлардын азык-түлүк тобунун зарыл көлөмүн мамлекеттик резервге киргизүү, транзиттик жүк ташуулар боюнча тоскоолдуксуз өтүү үчүн ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өнөктөштөрү менен “жашыл коридор” механизмин уюштуруу жана макулдашуу болжолдонууда.

Ишкердиктин субъекттерин колдоо бөлүгү өзүнө колдоонун фискалдык жана финансылык чараларын камтыйт.

Фискалдык колдоо чаралары салыктык милдеттенмелерди өз убагында аткарбагандыгы үчүн салыктык пролонгацияларды белгилөөгө, санкцияларды жана туумдарды жокко чыгарууга, жеке адамдар жана жеке ишкерлер үчүн салык декларацияларын тапшыруу мөөнөтүн узартууга, төлөмдөрдү өз убагында төлөө шарттарында бизнес субъекттеринин салыктар жана социалдык чегерүүлөр боюнча отчёт берүү мөөнөттөрүн 2020-жылдын 1-июлуна чейин узартууга, мамлекеттик контролдоочу органдар тарабынан текшерүүлөргө мораторий жүргүзүү мөөнөтүн 2022-жылдын 1-январына чейин узартууга, мамлекеттик мүлктүн ижарасы үчүн төлөмдөрдү төлөөсүн 2020-жылдын 1-апрелинен тарта 3 айга мөөнөттү кийинкиге калтырууга, 2021-жылдын 1-январына чейин ишканаларды банкроттоо жол-жоболорун жүргүзүүгө убактылуу тыюу салууну киргизүүгө багытталган.

Финансылык колдоо чаралары кредиттер боюнча негизги суммаларды жана пайыздарды 3 айдан кем эмес мөөнөткө пролонгациялоо жана реструктуризациялоо жолу менен бизнестин финансылык туруктуулугун колдоого, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Россия-Кыргыз Өнүктүрүү фонду тарабынан каржыланган чакан жана орто бизнести колдоо багыты боюнча долбоорлорду кошкондо, мамлекеттик сатып алуулардын жол-жоболорунда ата мекендик жеткирип берүүчүлөргө 20% өлчөмүндө жеңилдиктерди берүү жөнүндө (Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Мыйзамынын 4-беренесинин 3-бөлүгү) ченемди бекитүүгө, ошондой эле Россия-Кыргыз Өнүктүрүү Фондунун кредиттик ресурстарга максималдуу жеткиликтүүлүгүн камсыздоо үчүн жол жоболорун жөнөкөйлөтүүгө багытталган.

Мамлекеттик бюджеттин стабилдүүлүгү үчүнчү бөлүмдө республикалык бюджетти колдонууну кыскартуу, ошондой эле өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр тарабынан финансылык жардам көрсөтүү аркылуу бюджетти толтуруу үчүн финансылык каражаттарды тартуу ченемдерин белгилейт.

Аталган Пландын ченемдерин аткаруу Кыргыз Республикасынын экономикасынын ар кандай секторлорундагы экономикалык ишти жүргүзүүдөгү чектөөлөрдөн пайда болгон экономикалык олку-солкулуктарды жоюуга мүмкүндүк берет.

Эскерте кетсек, бул План экономикалык жана социалдык туруктуулукка терс таасирди азайтуу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн артыкчылыктуу чараларын камтыйт.

Ошондой эле, бул планды иштеп чыгуу процессинде бизнес-ассоциациялардан 57 сунуш келип түшүп, алардын ичинен 22си бир нече пункттардын кайталанышын эске алуу менен эске алынды, бул болсо алардын жалпы санынын 40 %ын түзөт.

Азыркы учурда Министрлик республикада экономикалык абалды жакшыртууга, экономиканы диверсификациялоого, ишкердик тармагында ишкер активдүүлүктү жакшыртууга багытталган чараларды иштеп чыгууга киришүүдө. Ишкерлерди, анын ичинде коронавирустун кесепетинен зыян тарткан ишкерлерди колдоо үчүн кошумча жана узак мөөнөттүү чаралар иштелип чыгат.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу