Салык мыйзамдары бөлүгүндөгү социалдык-экономикалык кырдаалды турукташтыруу маселелери боюнча Мыйзамга түшүндүрмө берүү жөнүндө

Новости
03-Апрель 2020-ж.
3310

Экономика министрлиги маалымдагандай, COVID-19 коронавирстук инфекциясынын пандемиясын жана өзгөчө абалды жарыялоо шартында, КР жарандарын жана ишкердиктин субъекттерин колдоо максатында КР Мыйзамы кабыл алынды, ал төмөнкү ченемдерди карайт:

1) 2020-жылдын 1-апрелинен тарта 1-октябрына чейин салык төлөөчүлөр ал жеткис күч жагдайларынын натыйжасында салык төлөөчү зыян тарткан учурда салык төлөөчүдө карыздар пайда болсо жана жабылбаса, бир жылдан ашык эмес мөөнөткө банктын кепилдиги тууралуу документти бербестен эле бөлүп төлөө же кийинкиге жылдыруу жөнүндө арызын бере ала турганы;

2)      ишкердик субьекттери үчүн салыктык отчетторду берүү мөөнөтүн 2020-жылдын 1-июлуна чейин узартуу

3) 2019-жылдын жыйынтыгы боюнча жеке жактардын жана жеке ишкерлердин бирдиктүү салык декларациясын берүү мөөнөтүн 2021-жылдын 1-апрелине чейин узартуу;

4) 2020-жылдын 1-июлуна чейин салыктык милдеттенмелерди өз учурунда аткарбагадыгы үчүн салыктык санкцияларды жана туумдарды колдонбоо;   

5) акционердик коомдордун жалпы жыйындарын өткөрүүнү узартуу.

Азыркы учурда Экономика министрлиги республикадагы экономикалык кырдаалдын жакшырышына, экономиканы диверсификациялоого, ишкердик чөйрөсүндөгү иш активдүүлүгүн жакшыртууга багытталган чараларды иштеп чыгууга киришти. Ишкерлерди, анын ичинде ал жеткис күч жагдайларынын натыйжасында зыян тарткан ишкерлерди колдоо боюнча кошумча жана узак мөөнөттүү чаралар иштелип чыгат.


Онлайн кайрылуу