Евразия экономикалык комиссиясынын кеңешинин кезексиз жыйынынын жыйынтыктары

Новости
26-Март 2020-ж.
2743

2020-жылдын 25-мартында видеоконференция форматында Евразия экономикалык комиссиясынын (мындан ары - ЕЭК) кеңешинин коронавирустук инфекциянын таралышына жана таасирине жооп кайтаруу чараларын иштеп чыгууга карата жамааттык реакцияга арналган кезексиз жыйыны болуп өттү.

ЕЭК кеңешинин жыйынынын күн тартиби төмөнкү 3 маселени камтыган:

1. Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын 2020-жылдын 24-мартындагы “Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын 2015-жылдын 21-апрелиндеги № 30 “Тарифтик эмес жөнгө салуу чаралары жөнүндө” чечимине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” чечиминин күчүнө кирүү мөөнөтү жөнүндө.

2. Бажы бирлигинин коллегиясынын айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө жана кооптуу импорттун товарларынын тизмесин бекитүү тууралуу.

3. Евразия экономикалык бирлигинин мүчө мамлекеттери тарабынан COVID-19 коронавирустук инфекциясынын жайылышын алдын алууга жана болтурбоого багытталган чараларды ишке ашыруу жөнүндө.

ЕЭК кеңешинин жыйынынын жыйынтыгында ЕАЭБ аймагына инфекция менен күрөшүү үчүн зарыл болгон жеке коргонуу каражаттары, медициналык каражаттарын алымсыз киргизүү боюнча чечим кабыл алынды. Бул чечим продукциянын кеңири номенклатурасына бажы алымдарын нөлгө түшүрүүнү болжолдойт, бул Бирлик өлкөлөрүнүн медиктери жана саламаттык сактоо мекемелери үчүн тиешелүү каражаттардын жеткиликтүүлүгүн жогорулатат.

Ошондой эле, убактылуу негизде Бажы алымдарын нөлгө түшүрүлүүчү товарлар боюнча тизме бир жуманын ичинде иштелип чыгат деген чечим жетишилди. Бул тамак-аш азыктарга, балдар азыктарына, кеңири номенклатурада балдар үчүн товарларга, медицина каражаттарына, дары-дармектерге жана аларды өндүрүү компоненттерине тиешелүү.

Мындан тышкары, ЕЭК кеңеши жаңы коронавирустун таралышына каршы күрөшүү үчүн зарыл болгон товарларды ЕАЭБ бажы аймагынан тышкары ташып чыгууга тыюу салуу чечимин кабыл алды.

Ошондой эле ЕЭК Кеңешинин мүчөлөрү тарабынан товарларды, башка персоналды жеткирүүнү камсыз кылган транспорттук инфратүзүмдүн персоналын, автомобилдердин айдоочуларын которууга тиешелүү маселелер каралды. Бул боюнча тараптарга товар өткөрүүчү түйүндүн үзгүлтүксүз жана тоскоолдуксуз иштешине зарыл болгон механизмдерди иштеп чыгуу тапшырылды.

Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрү COVID-19 коронавирустук инфекциянын жайылышы шартында товарларды чек арадан өткөрүү боюнча макулдашылган чечим кабыл алууга макулдашышты.


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу