Ишкердик субъекттерин ыкчам кабыл алуу максатында Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинде call сenter түзүлдү.
Мындай чечим республикада терс экономикалык кесепеттердин пайда болуу тобокелдиктерине, анын ичинде дүйнөдөгү COVID-19 коронавирустук инфекциялар менен байланышкан ишкердик жүргүзүүдө проблемаларга байланыштуу кабыл алынган.
Так маалымат алуу үчүн call сenter: +996 312 620319, Whats app 0555774405, ошондой эле info@mineconom.gov.kg электрондук дарегине кат аркылуу кайрылууга болот.