Экономикалык блок боюнча 2020-жылдын Улуттук ыктыярдуу серебинин долбоорун даярдоо жөнүндө

Новости
17-Март 2020-ж.
3947

2020-жылдын 16-мартында Кыргыз Республикасында ТӨМдүн жетишкендиктерин Улуттук ыктыярдуу серебинин долбоорунун экономикалык блогун даярдоо максатында экономика министрлигинин чоң залында өкмөттүк эмес сектордун өкүлдөрүн тартуу менен жумушчу топтун кеңешмеси болуп өттү.

Кеңешменин жүрүшүндө туруктуу өнүктүрүү максаттарынын жана милдеттеринин аткарылышынын көрсөткүчтөрүнүн алгылыктуу жетишкендиктери боюнча маалымат менен тааныштыруу сунушталды (ТӨМ № 7 кымбат эмес жана таза энергия, 8, 9, 10, 11). Жогоруда айтылган максаттар боюнча кийинки кадамдар талкууланды.

Кеңешменин катышуучулары тарабынан УЫС экономикалык блогунун долбоору жактырылды.

Экономика министрлиги тарабынан УЫС экономикалык блогунун акыркы вариантын даярдоону финалдаштыруу үчүн кеңешменин катышуучулары өздөрүнүн түшүндүрмөсүн жана толуктоолорду кагаз жана/же электрондук түрүндө министрликтин электрондук дарегине stratplan10@mail.ru / 2020-жылдын 20-мартына чейин жөнөтүү керектиги айтылды.

Описание: Описание: D:\disk D\ЦРТ и ЦУР\2019 год\рабгруппы\экономгруппа\R_SDG_Icons-01-07.jpgОписание: Описание: D:\disk D\ЦРТ и ЦУР\2019 год\рабгруппы\экономгруппа\SDG_goals_icons-individual-rgb-08.pngОписание: Описание: D:\disk D\ЦРТ и ЦУР\2019 год\рабгруппы\экономгруппа\SDG_goals_icons-individual-rgb-09.pngОписание: Описание: D:\disk D\ЦРТ и ЦУР\2019 год\рабгруппы\экономгруппа\R_SDG_Icons-01-10n-400x400.jpgОписание: Описание: D:\disk D\ЦРТ и ЦУР\2019 год\рабгруппы\экономгруппа\imgpreview.jpg

Маалымат катары:

БУУга багытталган билдирменин негизинде Кыргыз Республикасы туруктуу өнүктүрүү боюнча жогорку деңгээлдеги саясий форумдарда 2030-жылга чейин Туруктуу өнүктүрүүнүн максаттары (ТӨМ) боюнча 2020-жылы Улуттук ыктыярдуу серепти (УЫС) көрсөтө турган өлкөлөрдүн тизмесине киргизилген.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу