Валюта рыногундагы кырдаал туруктуу бойдон калууда

Новости
11-Март 2020-ж.
4226

Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги 2020-жылдын 11-мартына карата ички валюта рыногундагы кырдаал туруктуу бойдон тургандыгын маалымдайт.


АКШ долларынын курсунун өзгөрүүсү күтүлүүгөн. ЕАЭБ мүчө-мамлекеттерде алмашуу курсунун өзгөрмөлүүлүгү байкалды (ОПЕК+ өлкөлөрү мунай өндүрүүнүн көлөмүн кыскартуу жана анын параметрлерин өзгөртүү жөнүндө мурда түзүлгөн бүтүмдү узартуу жөнүндө макулдашкан эмес деген маалыматтын жарыкка чыгышы), бул өлкөнүн индикаторлору боюнча соода жана финансылык каналдары аркылуу таасир этиши мүмкүн.

Россия Федерациясы Кыргыз Республикасынын экономикасына өз ара соода каналдары жана акча которуу каналдары аркылуу таасир берет. Бирок, азыркы учурда АКШ долларынын алмашуу курсунун өзгөрүшү ЕАЭБдин бардык мүчө-мамлекеттеринде бирдей жана удаалаш жүрүп жатат, ошондуктан дүрбөлөң салуу жана тынчсыздануу үчүн себептер жок.

Белгилүү болгондой, ички валюта рыногунда суроо-талап жана сунуш таасир этет, ал ар кандай таасир этүүчү факторлорго, анын ичинде массанын психологиялык таасирин тийгизет.

Азыркы учурда өлкө азык-түлүк жана товарлардын жеткиликтүү көлөмү менен камсыз болгон, ички рынокто баалар күн сайын текшерилип жана мониторинг жүргүзүлөт турат, чукул өзгөрүү байкалган жок, айрым тамак-аш продуктуларына болгон баа жаңы түшүмгө чейин сезондук жогорулашы гана байкалууда.

Тамак-аш азыктарынын негизги үлүшү Россия, Казакстан жана Беларустан алып келингендиктен, АКШ долл. өзгөрүүсү аталган өлкөлөрдөн жеткирилген товарлардын баасына олуттуу таасир тийгизбейт.

2020-жылдын 10-мартында КРӨгө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги Бишкек шаарынын соода тармактарынын жетекчилери жана өкүлдөрү менен кеңешме өткөрдү, товарларга жана азык-түлүктөргө болгон баанын өсүшүнө соода тармактары тарабынан жол бербөө боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Өкмөт жана Улуттук банк тарабынан ички жана тышкы чөйрөдө экономикалык кырдаалга туруктуу негизде мониторинг жүргүзүлүп жана баа берилип жатат. Кандайдыр бир өзгөрүүлөр пайда болгон учурда, КР Улуттук банкында өлкөдөгү кырдаалды жумшартуу жана ыкчам чара көрүү үчүн жетиштүү акча-кредиттик инструменттер жана резервдер бар.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу