Өндүрүш жана соода ишинин ар кандай түрлөрүндө стандарттарды колдонуу маселелери түшүндүрүлдү

Новости
11-Март 2020-ж.
3719

2020-жылдын 5-мартында Экономика министрлигинин чоң залында “ЕАЭБде техникалык регламенттердин жана стандарттардын катышы жөнүндө” тегерек стол болуп өттү, анын алкагында техникалык жөнгө салууда далилдөө базасы катары иштин ар кандай түрлөрүндө (өндүрүү, соода) стандарттарды колдонуу маселелери түшүндүрүлдү.

Белгилүү болгондой, продукцияны (товарларды) өндүрүү жана сатуу келишимге ылайык ишке ашырылат (жеткирүү же чекене соода-сатык), алардын шарттарынын бири сапаты жөнүндө шарт милдеттүү болуп саналат.

Ушуга байланыштуу, ташып жеткирүү жөнүндө келишимге продукциянын (кызмат көрсөтүүнүн) коопсуздук боюнча стандарттардын милдеттүү талаптарына шайкештиги жөнүндө шарттар киргизилет, бул өз кезегинде шайкештик презумпциясы принцибин ишке ашырууга мүмкүндүк берет.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу