Кыргыз Республикасы Казакстан Республикасынын ДСУ жана ЕАЭБ негизги макулдашууларынын ченемдерин бузуулары тууралуу дагы бир жолу белгилейт

Новости
06-Март 2020-ж.
3760

Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги ДСУнун Аппеляциялык комиссиясы Казакстандын кыргыз транзите карата РФга КЭРден товарлардын агымдарына контролдук кылуу үчүн күрөштө сооданы жашыруун чектөө сыяктуу мыйзамсыз иштерин баалашат деп маалымдайт.

2020-жылдын 3-мартында ДСУнун штаб-квартирасында Башкы кеңеш болуп өттү - маанилүүлүгү боюнча ДСУнун экинчи органы, жыйында Кыргыз Республикасы кыргызстандагы жүк ташуучуларга карата Казакстан Республикасынын ишине карата соода тынчсыздануу маселесин көтөрдү. Жыйындан соң Казакстан Республикасынын Финансы министрлигинин сайтында Кыргыз Республикасынын ДСУнун Башкы Кеңешинде билдирүүлөрү боюнча маалымат жайгаштырылган, анда Кыригыз Республикасы өз түшүндүрмөсүн берген.

Кыргыз Республикасы чек арадагы кырдаалды чечүү үчүн кырдаалды жөнгө салуу боюнча эки тараптуу негизде жана ЕАЭБ аянтчасында да бардык күч-аракеттерди жумшады. Ар кандай деңгээлдерде жана аянтчаларда мүмкүн болгон бардык ресурстар түгөнгөндөн кийин гана Кыргыз Республикасы маселени ДСУ аянтчасына чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алган. ДСУга мүчө-өлкөлөргө маалымдоо үчүн ДСУ тутумунда Кыргыз Республикасынын нотификациясы жайылтылган, анда Казакстан Республикасынын Жүк ташууларына тийгизген иш-аракеттеринин кесепеттери жөнүндө статистикалык маалыматтар чагылдырылган. ДСУнун мүчөлөрүнө Казакстан Республикасынын текшерүүчү органдары тарабынан ыйгарым укуктарынын ашып кеткен фактылары жөнүндө толук маалымат берүү үчүн мультимедиа форматында да маалымат берилген. Биз дагы бир жолу Казакстан Республикасынын көңүлүн Кыргызстандын мамлекеттик чек ара кызматынын маалыматы боюнча жүк ташуучу автотранспорттун “АкТилек автодорожный” өткөрмө пункту аркылуу өтүшү 2018 - жылы 93 612 бирдикти, ал эми 2019-жылы -73 652 бирдикти түзгөндүгүнө бурабыз. 2019-жылы чек арадан өтүүчү транспорттун санынын төмөндөшү 2018-жылга салыштырмалуу 22% ды түзгөн. 

Ошондой эле Казакстан Республикасына эскерте кетчү нерсе, Казакстан Республикасы тарабынан сооданы бурмалаган чаралар 2019-жылдын мартынан тарта колдонулуп келет жана Казакстан Республикасынын Кыргыз Республикасынын негизсиз тынчсыздандуусу жөнүндөгү арызы, кыргыз жүк ташуучулары дуушар болуп жаткан татаал кырдаалдарда да чындыкка жатпайт.

Экинчиден, ЕАЭБ аянтчасында проблемаларды чечүү зарылдыгы жөнүндө Ж.Айтжанованын арызына карата белгилей кетчү нерсе, 

Кыргыз Республикасынын кайрылууларын карап чыгуунун негизинде ЕЭКтин ички рынокторунун иштөө департаменти тарабынан Казакстан Республикасы Бирликтин укугун сактабагандыгы жөнүндө барьердин белгилери бар тоскоолдук катары Казакстандын аталган аракеттерин квалификациялоо жөнүндө корутунду чыгарылган. 

ЕЭК бул корутундусунда Казакстан Республикасынын аракеттери, товарлардын эркин өткөрүлүшү жана товарлардын бирдиктүү рыногун түзүү сыяктуу, Бирликтин максаттарына жетүү коркунучун туудурат жана ЕАЭБ Келишиминин 3-беренесине, 25-беренесинин 1-пунктунун 5-пунктчасына, 28-беренесинин 2-пунктуна, 5-беренесине шайкеш келбейт жана Жогорку Евразия Экономикалык кеңешинин 2015-жылдын 8-майындагы № 5 ЕАЭБ ички чек араларында бажы контролун жоюу жөнүндөгү чечимине каршы чыгууда.

Үчүнчүдөн, Казакстан Республикасынын статистикалык маалыматтарын берүү, болүгундө Кыргыз Республикасы Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин буйругунда айдоочуларды мажбурлоо жана коркутуу менен Казакстан Республикасынын фискалдык органдарынын өкүлдөрү тарабынан укук бузууларын моюнга алууга мажбур болгондорун далилдеген көптөгөн фактылар бар болгондуктан берилген маалыматтардын аныктыгынан жана объективдүүлүгүнөн күмөн санайт.

Ошондой эле Казакстан Республикасынын фискалдык органдарынын текшерүүлөрүнүн объективдүүлүгү жана максаты күмөн туудурат. Жүк ташуучулардан түшкөн даттанууларды талдоодон улам, фискалдык органдардын текшерүүлөрүнүн максаты - Кыргызстандын жүк ташуучулары тарабынан бузуулар жөнүндө статистикалык маалыматтарды жогорулатуу үчүн бардык так эмес маалыматтарды фиксациялоо.

Кыргыз Республикасы дагы бир жолу Казакстан Республикасынын ДСУ жана БЭАБ негизги макулдашууларынын ченемдеринин бузушу тууралуу белгилейт. 

Өз кезегинде Казакстан Республикасынын тиешелүү органдары тарабынан мыйзамсыз иштер жөнүндө арызды wtoreferencecenter.kgz@gmail.com электрондук дарекке, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматына жөнөтүүңүздөрдү өтүнөбүз.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу