Россия-Кыргыз Өнүктүрүү фонду тарабынан жаңы финансылык продукт ишке киргизилди: факторингдик операцияларды каржылоо

Новости
06-Март 2020-ж.
3962

Жеткирилген товар үчүн төлөмдөрдү кийинкиге калтыруу менен көйгөйлөрдү чечүүдө өлкөнүн экспортерлоруна көмөк көрсөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги тарабынан Кыргыз Республикасынын Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттиги жана Россия-Кыргыз Өнүктүрүү фонду менен биргеликте факторингдик операциялар механизмин киргизүү маселеси иштелип чыккан.

Факторинг - бул, Россия-Кыргыз Өнүктүрүү фонду тарабынан өнөктөш банктар аркылуу өз кардарларына көрсөтүлө турган кызмат, жана ал Кыргыз Республикасынын аймагында россиялык соода түйүндөрүнө жана ири россиялык компанияларга төмөнкү тармактарда өндүрүлгөн продукциялардын ташып келүүлөрүн каржылоону карайт:

  • Айыл чарба прдукциялары;
  • текстиль продукциясы;
  • тамак-аш азыктарын өндүрүүнү кошкондо Кыргыз Республикасында өндүрүлгөн айыл чарба продукциясын кайра иштетүү;
  • айыл чарба азык-түлүктөрүн кайра иштетүүгө негизделген суусундуктарды чыгаруу;
  • тери жана чектеш буюмдарды өндүрүү;
  • пайдалуу кендерди казып алууну кошпогондо, КРда өндүрүлгөн башка продукциялар (Фонд менен макулдашуу боюнча).

Ушул кредиттик продукт боюнча проценттик ставка: бардык комиссияларды эске алуу менен сом менен жылдык 10% дан көп эмес. 

Товардын/продукциянын түрүнө жана конкреттүү контрактка жараша каржылоо мөөнөтү 30 күндөн 180 күнгө чейин түзөт, ошондой эле мөөнөтүнөн мурда төлөө мүмкүнчүлүгү каралган. Факторинг 1 000 000 сомдон 70 000 000 сомго чейинки суммага тариздөөгө болот.

http://www.rkdf.org/ru/kreditovanie/kredity_dlya_msb/finansirovanie_faktoringovyh_operaciy сайтынан шарттары менен толук таанышууга болот.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу