2014-жыл үчүн Кыргыз Республикасынын сапат боюнча сыйлыктарына жарыяланган конкурстун жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи

Новости
23-Август 2015-ж.
2115

""2015-жылдын 21-августунда Кыргыз Республикасынын Президентинин Ала-Арча” Мамлекеттик резиденциясында 2014-жыл үчүн Кыргыз Республикасынын сапат боюнча сыйлыктарына жарыяланган конкурстун жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи болуп өттү. Сыйлыктарды Кыргыз Республикасынын сапат боюнча сыйлыгын ыйгаруу боюнча Кеңештин төрагасы, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сариев Темир Аргембаевич тапшырды.

Конкурстун лауреаттары жана дипломанттары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн белгиленген үлгүдөгү сыйлыктары жана дипломдору менен сыйланды.

2014-жыл үчүн Кыргыз Республикасынын сапат боюнча сыйлыктарына жарыяланган өкмөттүк конкурстун дипломанттары жана лауреаттары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жыл 22-июль №515 2014-жыл үчүн Кыргыз Республикасынын сапат боюнча сыйлыктарын ыйгаруу жөнүндө” токтому менен аныкталды .

Сыйлыктын лауреаттары наамы төмөнкү уюмдарга ыйгарылды:

"Саламаттык сактоо" номинациясы боюнча:

- Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментине (Бишкек шаары);

- Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна (Бишкек шаары);

- Ысык-Көл облустук бириктирилген ооруканасына (Каракол шаары).

"Билим берүү" номинациясы боюнча:

- Муса Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университетине (Бишкек шаары);

- Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлигине караштуу Кесиптик-техникалык билим берүү агенттигинин № 98 кесиптик лицейине (Бишкек шаары).

Конкурска активдүү катышкандыгы үчүн жана сапат жаатында жетишкен ийгиликтери үчүн, 2014-жыл үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн сапат боюнча сыйлыгынын дипломанты наамы төмөнкү уюмдарга ыйгарылды:

"Саламаттык сактоо" номинациясы боюнча:

- Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Дары-дармек менен камсыздоо жана медициналык техника департаменти (Бишкек шаары);

- Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин "Алдын алуучу медицина" илимий-өндүрүштүк бирикмесинин Инфекциялык ооруларды лабораториялык диагностикалоонун сапатын контролдоонун республикалык илимий-практикалык борбору (Бишкек шаары);

- Шаардык № 5 стоматологиялык бейтапканасы (Бишкек шаары);

- № 2 Үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору (Бишкек шаары);

- Ош облустар аралык балдар клиникалык ооруканасы (Ош шаары).

"Билим берүү" номинациясы боюнча:

- Ош мамлекеттик университети;

- Н.Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университети (Бишкек шаары);

- Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетине караштуу Башкаруу жана бизнес институту (Бишкек шаары);

- К.Көлбаев атындагы Бишкек автомобиль-жол колледжи (Бишкек шаары).

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Аргембаевич Сариев конкурстун жеңүүчүлөрүн аныктоодо көрсөтүлгөн кызматтын сапаты гана бааланбастан, конкурстун катышуучу уюмдарына ар тараптуу комплекстүү баа берилгенин белгилеп кетти. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри белгилегендей, 2014-жылга карай Өкмөт тарабынан саламаттык сактоо, билим берүү тармагына конкурстун өткөрүлүүсү, биздин керектөөчүлөр үчүн алардын маанилүүлүгүн жана приоритеттүүлүгүн мамлекет тарабынан түшүнө тургандыгын далилдейт.

Темир Аргембаевич Сариев Кыргыз Республикасынын сапат боюнча сыйлыгынын лауреаттарын жана дипломанттарын татыктуу сыйлыгы менен куттуктап, республиканын өнүгүүсү үчүн мындан аркы чыгармачылык ийгиликтерди жана жетишкендиктерди каалап өттү.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу