Кыргызстанда мамлекеттик мүлктү эсепке алуунун борборлоштурулган системасын түзүү аркылуу мамлекеттик активдерди башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу.
Мамлекеттик активдерди натыйжалуу башкарууда аны эсепке алуусуз мүмкүн эмес. Мамлекеттик мүлктүн активдердин бар болушун жана кыймылын борборлоштурулган контролдоонун жоктугу Өкмөттүн администрациялык-чарбалык функцияларын сапаттуу ишке ашырууга жолтоо болот. Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчиктин обьекттеринин бирдиктүү маалымат базасы жок. Статистика жана юстиция органдары тарабынан сунушталуучу маалымат ар түрдүү, толук эмес болуп саналат жана республиканын мүлктүк активдеринин реалдуу абалын бере албайт. Республиканын бардык аймагы боюнча бардык мамлекеттик уюмдар жана ишканалар боюнча мамлекеттик мүлккө жалпы республикалык инвентаризациялоону системалуу түрдө жүргүзүү көйгөйдү чечет. Инвентаризациялоонун жыйынтыктары Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мүлкүнүн бирдиктүү реестрине чогултулушу керек.
Мамлекеттик мүлктүн бирдиктүү реестрин түзүү өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт:
-мамлекеттик органдар жана мамлекеттин катышуусу менен ишканалар тарабынан маалыматты сунуштоо формасын иштеп чыгууну;
-мамлекеттик активдерди эсепке алуунун классификаторун иштеп чыгууну;
-программалык камсыздоону иштеп чыгууну;
-тиешелүү техникалык жабдууну сатып алууну жана орнотууну;
-адистерди инвентаризациялоону жүргүзүүнү жана маалыматтар базасын жүргүзүүнү үйрөтүүнү;
-республиканын бардык аймагында мамлекеттик активдерге инвентаризациялоону жүргүзүүнү;
-мамлекеттик активдерди башкаруу үчүн маалымат системасын түзүүнү.
Кыргызстанда мамлекеттик мүлктү эсепке алуунун борборлоштурулган системасын жүргүзүү жана мониторингдөө:
-Өкмөткө өзүнүн мүлктүк ресурстары жөнүндө объективдүү жана анык маалыматка ээ болууга мүмкүндүк түзөт;
-Өкмөткө жана Парламентке мүлктүк активдердин рационалдуу пайдаланылышына жана менчиктештирилишине тиешелүү контролду жүзөгө ашырууга мүмкүндүк түзөт;
-мамлекеттик активдерди башкаруунун ачык айкындуулугун жогорулатат;
-мамлекеттик менчиктин түзүмүн оптималдаштыруу үчүн шарттарды түзөт;
-башкаруучулук чечимдердин кабыл алынышынын ыкчамдуулугун жогорулатат;
-мамлекеттин катышуусу менен ишканалардын кирешелүүлүгүн жогорулатат, алардагы ички өзгөртүүлөргө көмөк көрсөтүү жолу менен алардын ишинин финансылык-экономикалык көрсөткүчтөрүн жакшыртат;
-пландаштыруу жана беренелер боюнча бюджетти аткаруу системасында экономикалык болжолдордун аныктыгын камсыздайт: акциялардын мампакетине дивиденддер, мамлекеттик мүлктү менчиктештирүүдөн жана ижарага берүүдөн каражаттар, мамлекеттик ишканалардан пайдадан каражаттар;
-чарбакер субъекттердин жана мамлекеттик органдардын бухгалтердик эсебинде сыяктуу эле өлкөнүн консолидацияланган балансында дагы мамлекеттик активдерди чагылдыруунун аныктыгын жогорулатат;
-мамлекеттик сектордо чыгымдардын натыйжалуулугун жогорулатат;
-мамлекеттик активдерди баалоого жана аларды экономиканын реалдуу секторуна инвестицияларды тартуу үчүн курал катары колдонууга мүмкүндүк түзөт.
Мамлекеттик мүлктү эсепке алуунун борборлоштурулган системасын түзүү мамлекеттик активдерди башкаруунун ачык айкындуулугун камсыз кылууга багытталган Кыргызстандын Өкмөтүнүн саясатынын артыкчылыктуу багыты болуп саналат. Долбоорду ишке ашыруу мамлекеттик активдерди башкаруу системасын өркүндөтүү, мамлекеттик мүлктүн маалыматтар базасын түзүү, бюджеттик пландоо жана мамлекеттик чыгымдар системасынын натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн шарттарды түзөт. мамлекеттик мүлктү эсепке алуунун борборлоштурулган системасын түзүү боюнча иш-чаралар 2012-2014-жылдарга Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн орто мөөнөттүү программасынын долбоорунда түптөлгөн.
Менчиктештирүү
1991-2012-жылдарда мамлекеттик менчикти менчиктештирүүнүн негизги жыйынтыктары.
Менчиктештирүү менчиктин формасын, экономикалык мамилелердин түзүмүн өзгөртүүгө жана атаандаштык чөйрөнү түзүүгө багытталган, мамлекеттик саясаттын ажырагыс бөлүгү болуп саналат. Мамлекеттик менчикти реформалоо процесси Кыргызстанда 1991-жылы башталган жана бир нече этаптан өткөн. Менчиктештирүүнүн белгилүү этабында тигил же бул мезгилде коюлган милдеттерге байланыштуу артыкчылык ар кандай багыттарга берилген.
Биринчи этап: 1991-1993 жылдар. Менчиктештирүүнүн биринчи этабынын башкы максаты кыргыз экономикасында менчиктин түзүмүн радикалдуу түрдө өзгөртүү болгон. Айрыкча кыска мөөнөттө- эки жалда- экономиканын мамлекеттик секторунун обьекттеринин жалпы санынан 35% түзгөн обьекттерди менчиктештирүү пландаштырылган. «Чакан» менчиктештирүү биринчи кадам болгон, б.а. кызмат көрсөтүү, соода, турак жай жана курулуш обьекттерин менчиктештирүү. «Чакан менчиктештирүүнүн» оң жыйынтыгы соодада жана кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө мамлекеттик монополияны жокко чыгаруу, атаандаштык чөйрөсүн түзүү жана товардык тартыштыкты жоюу болгон. Эки жылдын ичинде обьекттердин 33% менчиктештирилген, кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө обьекттердин дээрлик 100% , соодада- 80% сатылган, 1991-жылы- 175 обьекттер, 1992-жылы- 2384 обьекттер, 1993-жылы- 1893 обьекттер менчиктештирилген. Ошондой эле биринчи этапта атайын төлөм каражаттары колдонууга киргизилген.
Экинчи этап: 1994-1995-жылдар. Бул этапта менчиктештирүүнүн негизги милдети өнөр жайдын, транспорттун жана курулуштун ири жана орточо ишканаларын кайра өзгөртүү болуп саналат. Мында тармактык өзгөчөлүктөр, өндүрүштү продукцияны сатуунун жаңы рыногуна кайра багыт алдыруу, сырьену жана комплектөөчүлөрдү ташып жеткирүүчүлөр менен жаңы чарбалык байланыштарды белгилөө эске алынган. Мамлекеттик обьекттер негизинен акционердик ишканаларга кайра өзгөртүлгөн. Расмий маалыматтарга ылайык 1994-1995-жылдары кайра өзгөртүүлөр менен 1423 ишканалар камтылган.
Үчүнчү этап: 1996-2000-жылдар. Үчүнчү этапта менчиктештирүү процесстеринин негизги багыттары ири стратегиялык обьекттерди экономиканын монополиялашкан секторлору кылып кайра түзүүнүн башталышы, кудуретсиздик жана банкроттуулук белгилерине ээ болгон ишканаларды менчиктештирүү, купондук (ваучердик) менчиктештирүүнү аяктоо болгон. Ошондой эле, өндүрүштүк эмес чөйрөнүн обьекттери менчиктештирилген: турак жай-коммуналдык чарбанын, курорттук-рекреациялык комплекстин, спорт, туризм ж.б. обьекттери. Бул этаптын өзгөчөлүгү менчиктештирүүнүн стратегиясынын жана тактикасынын өзгөрүүсүн алдын ала алган: менчиктештирүүнүн темпинин басаңдашы, жеке ыкмага жана республиканын экономикасында алардын маанилүүлүгүн, финансылык-экономикалык абалын комплекстүү талдоого негизделген менчиктештирүүнүн тандоо методдоруна өтүү.
Төртүнчү этап: 2001-жылдан тартып азыркы учурга чейин. Азыркы учурда рыноктун реалдуу сурамын эске алуу менен өткөн этаптарда башталган, обьекттерди менчиктештирүүнү аяктоо жүргүзүлүүдө. Экономиканын базалык, стратегиялык маанилүү тармактарын менчиктештирүүнүн экономикалык максатка ылайыктуулугу жана негиздүүлүгү изилденүүдө. Ошондой эле бул этапта мамлекеттик менчиктин түзүмүн оптималдаштыруу, мамлекеттик уюмдардын колдонулбаган мүлктөрүн чарбалык жүгүртүүгө кошуу, мамлекеттик ишканалардын профилдик эмес активдерин реструктуризациялоо боюнча милдет коюлууда.
Азыркы учурда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2012-жылдын 25-апрелиндеги №1877-V токтому менен бекитилген, 2012-2014-жылдарга Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүүнүн колдонуудагы программанын мөөнөтү аяктоодо. Ушул программанын аракеттенүү мөөнөтү аяктаганга байланыштуу 2015-2017-жылдардын мезгилине мамлекеттик менчикти менчиктештирүү программасынын жаңы долбоору иштелип чыккан жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизилген.
Өткөн жылдардын тажрыйбасы көрсөткөндөй, Программаны иштеп чыгуу процессинде системалык көйгөйлөр пайда болушат:
-бир катар учурларда, менчиктештирүү программасынын долбооруна киргизүү үчүн мамлекеттик органдар тарабынан укук белгилөөчү документи жана техникалык документациясы жок болгон кыймылсыз обьекттер сунушталат;
-мамлекеттик менчикте турбаган обьекттер менчиктештирүү үчүн сунушталган учурлар орун алган (сот чечимдеринин негизинде жеке менчикке өткөн, мурда менчиктештирилген);
-кээ бир учурларда менчиктештирүү программасынын долбооруна киргизүү үчүн мамлекеттик органдар тарабынан талаш тиешелүүлүгүнө ээ болгон обьекттер сунушталган (мүлктүк умтулуу, соттук териштирүүлөр бар болгон ж.б.).
Буга байланыштуу, менчиктештирүүгө тийиш болгон мамлекеттик менчиктин обьекттеринин тизмегин түзүү, обьекттердин статусун, «юридикалык тазалыгын» изилдөө үчүн керектүү администрациялык жол-жоболорду кыскартуу, менчиктештирүүнүн максатка ылайыктуулугун изилдөө процессин оптималдаштыруу максатында Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги тарабынан менчиктештирүү программасынын долбооруна мамлекеттик менчиктин обьекттерин киргизүү үчүн сунуштарды киргизүү тартибин аныктоочу, мамлекеттик органдар үчүн формалар даярдалган.