Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинде Кум-Төр боюнча мамлекеттик комиссиянын мүчөлөрүнүн жарандык сектор жана кен казуу тармагынын ассоциациялары менен жолугушуусу болуп өттү.

Новости
04-Декабрь 2012-ж.
2482

Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин Чоң залында министр, төрага Темир Сариевдин жана Кум-Төр Оперейтинг Компани” ЖАКтын жаратылыш ресурстарын рационалдуу пайдалануу, курчап турган чөйрөнү коргоо, өндүрүштүк процесстердин коопсуздугу жана калкты социалдык коргоо боюнча ченемдерди жана талаптарды сакташын текшерүү жана изилдөө боюнча Мамлекеттик комиссиянын мүчөлөрүнүн жарадык сектор жана республиканын кен казуу тармагынын ассоциациялары менен жолугушуусу болуп өттү.

Мамкомиссиянын алдына коюлган маселелерди объективдүү жана ар тараптуу изилдөө максатында министр Темир Сариев иштин аралык натыйжалары жөнүндө маалымат берди. Атап айтканда, үч топ боюнча текшерүүнү аяктоо жөнүндө, азыркы учурда жыйынтыктар чыгарылууда. Алгачкы мөөнөт боюнча биз ишти 1-ноябрга карата аякташыбыз керек болчу, бирок, Кум-Төр кенинин иштебей токтоп калуусунан улам, көптөгөн текшерүүлөр токтотулуп калды. Ошондой эле, жыйынтыктарга каршы чыгып талашуу болсо, альтернативалык мүмкүндүктөр максаты менен пробаларды алуу үчүн эки эл аралык лабораториялар ишке тартылган.

Юстиция министри- юридикалык эксперттөө боюнча жумушчу топтун төрагасы –Алманбек Шыкматов маалымдагандай, изилдөөнүн жүрүшүндө Сameko Кум-Төр кениндеги өзүнүн ишин конкурска катышуусуз баштагандыгы табылган, ошол мезгилде кенди иштетүүгө катышууну каалаган көптөгөн эл аралык компаниялар бар болгон. 30 млн. АКШ доллары суммасындагы төлөм макулдашууда кыйыр төлөм деп таанлыган. Ошондой эле Centerra Gold иштетүүгө Camekoго бардык укуктарды өткөрүп берүү бузуулар менен аткарылган. Ошондой эле, Кум-Төр Оперейтинг Компани” салыктык карызын мыйзамсыз отписание табылган.

Социалдык-экономикалык эксперттөө боюнча жумушчу топтун төрагасы, финансы министринин орун басары Мирлан Байгончоков маалымдагандай, долбоордун 2/3 жана аткаруучу комитет жана директорлор кеңеши аркылуу башкаруу кыргыз тарабында болгондугуна карабастан, маанилүү чечимдер акционерлердин 4/5 аз эмеси, башкача айтканда 80% , Camekoнун макулдугу менен кабыл алынган. Кум-Төр” Centerraнын негизги активи болчу, аны түзүүдө Кум-Төрдүн” потенциалы олуттуу түрдө төмөндөтүлгөн. 20032004-жылдардагы макулдашуудагы өзгөртүүлөр экономикалык жактан үзгүлтүккө учураткан, пайыздык катышта Кыргызстандын акцияларынын үлүшү 15,66%га чейин төмөндөгөн. 2009-жылдагы макулдашуу акциянын үлүшүн 15,66%дан 33%га чейин жогорулатуу жолу менен позицияны жакшырткан. Макулдашууну салыштыруу үчүн негиз жана база болуп 1993-1994-жылдардагы документтер алынган.

Кен-технологиялык жана экологиялык эксперттөө боюнча жумушчу топтун төрагасы Осмонбек Артыкбаев маалымдагандай, Кум-Төр кенин иштетүү 1992 жана 1994-жылдардагы эки макулдашуунун негизинде башталган. ТЭО бузуулар болгон. Кен 1997-жылы лицензиясыз жана конкурсту өткөрүүсүз курулган. Техникалык долбоордун жоктугу 176 млн. АКШ долларына ишти жүргүзүүгө таасирин тийгизди. Алтын запастарын эсептөө боюнча компьютердик программанын жоктугунан запастарды эсептөө мүмкүн болбой жатат. Кендин иштетүүгө жараксыз катмарын мөңгүлөрдө жайгаштыруу, анын бузулушуна алып келди. Жаңы калдыктарды сактагычтардын курулушу сунушталууда, ошондой эле калдыктарды өндүрүштө жүктөп жөнөтүү боюнча чаралар сунушталууда. Ушуга байланыштуу калдыктардын жайгашкан жери боюнча бузуулар үчүн компанияга эсепти коюу сунуш кылынды.

Министр Темир Сариевдин сөзү боюнча эки эл аралык лабораториялардын иштеринин жыйынтыктары боюнча кээ бир бузуулар бар экендиги анык болду: тазалоочу курулуштардын жоктугу. Экологиялык чегерүүлөр боюнча бузуулар бар. Рекультивациялык фон боюнча аянт көбөйүүдө, чегерүүлөр кайрадан каралып чыгышы керек. Бул көрсөткүчтөр боюнча натыйжалар жарыяланат”- деп корутундулады Мамкомиссиянын төрагасы.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу