Министр С. Муканбетов айымдарды келе жаткан жаз майрамы менен куттуктайт!

Новости
06-Март 2020-ж.
4494

 

Урматтуу биздин энелер, эжелер, карындаштар! Жакындап келе жаткан, аруулук коштогон жаз майрамыңыздар менен чын жүрөктөн куттуктайм!


Жаз менен бирге келген бул майрам Сиздердин, эл-жерибизде бакубат жыргалчылык орносо деп, элибиздин, жерибиздин амандыгын тилеп, даанышмандыктын, сабырдуулуктун кылым баскан касиетин кадырлап, сактап жүргөн үмүтүңүздөрдү коштосун. Жер –энебиз жашарып, жаңырып, жанданып турган жаз күндөрү жаңылануунун, жаңыруунун, тазалануунун куттуу белгиси болуп, жалпы элибизге жакшылыкты, бейпилдикти, ырыскы-ынтымакты тартууласын.


Бар болуңуздар урматтуу энелер, барыңыздарга бекем ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт, ишиңиздерге зор ийгиликтерди каалайм! 


Майрамдык маанай ар бир күнүңүздөрдү коштоп, балдарыңыздардын бактылуу эртеңкисинин кадырлуу, касиеттүү урматы болуп аман болуңуздар!

Ар бир каалаган, үмүт кылган тилектер Жараткандан кабыл болсун! 



                      Министр                                                                С. Муканбетов


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу