Кыргыз Республикасынын Экономика министри Малайзиянын делегациясы менен болгон жолугушуусунда инвестицияларды тартуу жана эки тараптуу сооданы өнүктүрүү маселелерин талкуулады.

Новости
03-Декабрь 2012-ж.
2509

Кыргыз Республикасынын Экономика министри Темир Сариев Аль Хидая (Лабуан) инвестициялык банкынын Президенти Бахарин Айоб мырзанын жетекчилиги алдындагы малайзиялык делегация менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө Тараптар Кыргыз Республикасынын экономикасына малайзиялык инвестицияларды тартуу жана эки тараптуу сооданы, халал индустриясын, исламдык банкингди өнүктүрүүдөгү кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерин талкуулашты.

Министр Темир Сариев Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги менен Аль Хидая (Лабуан) инвестициялык банкынын ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюу, Кыргыз Республикасында пальма майы сатуунун бирдиктүү соода борборун түзүүнүн мүмкүндүгү жана ошондо эле кыргыз-малайзия өкмөттөр аралык комиссиясынын иш аракетин активациялоо маселелерин иштеп чыгуунун сунуштады.

Малайзия тарабы маалымдагандай, ушул визиттин жүрүшүндө кызматташуунун негизги төрт багыты аныкталды, булар: финансылык сектор (исламдык банкинг жана каржылоонун исламдык принциптери), халал индустрия, соода, окутуу жана ошондой эле инфраструктура жана финансылык модель. Кызматташуунун бул маселелери эксперттердин визитинин жүрүшүндө иштелип чыгат, алар Малайзиядан үстүбүздөгү жылдын декабрь айынын экинчи декадасында келишет.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу