2020-жылдын 3-мартында Кыргыз Республикасы тарабынан Женевада (Швейцария) өткөн Бүткүл Дүйнөлүк Соода Уюмунун (ДСУ) Башкы кеңешинин жыйынында Казакстан Республикасы тарабынан Кыргыз Республикасынан үчүнчү өлкөлөргө бара жаткан транзиттик жүктөргө карата соода чектөөлөрүнүн проблемасы айтылды.
ДСУнун башкы Кеңеши ДСУнун министрлеринин конференциясынан кийин ДСУ өкмөттөр аралык органдарынын мааниси боюнча экинчи болуп саналат. Буга чейин бул маселе Кыргыз Республикасы тараптан 2020-жылдын 11-февралында өткөрүлгөн ДСУнун соода жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү боюнча профилдик комитетинде көтөрүлгөн.
Кыргыз Республикасынын делегациясынын атынан КРнын ДСУнун алдындагы туруктуу өкүлү Данияр Мукашев Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу үчүнчү өлкөлөргө ташылып жаткан транзиттик жүктөргө карата текшерүү жана өткөрмө боюнча күчөтүлгөн чараларды көрүү 2019-жылдын март айынан бери үзгүлтүксүз улантылып келгендигин билдирген формада ДСУнун мүчө-мамлекеттерине Казакстан Республикасы тарабынан эл аралык соода эрежелеринин бузулуулары жана сакталбагандыгы жөнүндө маалымат берди.
Кыргыз Республикасынын өкүлү өз сөзүндө ДСУ мүчө-мамлекеттерине ушундай эле соода чектөөлөр Казакстан Республикасы бир тараптуу тартипте Кыргыз Республикасынан өз аймагына товарлардын кыймылын чектеген учур 2017-жылы орун алгандыгын эскертти, анын натыйжасында Кыргыз Республикасынын экономикасы үчүн Эл аралык Валюта фондунун эсептөөлөрүнө ылайык 200 млн. АКШ долл. кем эмес өлчөмдө орду толбой турган экономикалык зыян келтирилген.
Кыргыз Республикасынын делегациясы эки мамлекеттин чек арасындагы окуянын толук картинасын сунуштап, Казакстан тараптын мыйзамсыз иш-аракет фактыларын, ошондой эле Казакстан Республикасынын экономикасына тийгизген таасиринин өтө терс кесепеттери тууралуу билдирген.
Статистикалык маалыматтарга ылайык, Казакстан Республикасынын соодалык чектөө аракеттеринин натыйжасында Кыргыз Республикасынын экспортунун көлөмү бир кыйла төмөндөгөндүгү байкалат. 2019-жылы КРдан товарларды экспорттоо 270.8 млн. АКШ долл. түзгөн, бул 2018-жылга салыштырмалуу 24.4%га төмөн. Ошондой эле “Ак-Тилек автодорожный” өткөрүү пунктарынан өткөн жүк ташуучу автоунаалардын саны 2018 - жылы 93 612 бирдикти түзгөн, ал эми 2019-жылы болгону 73 652 бирдикти түзгөн. 2019-жылы чек араны кесип өтүүчү унаа санынын төмөндөшү (2018-жылга салыштырмалуу) 22% түзгөн.
Кыргыз Республикасынын делегациясы ДСУнун башкы кеңешинин жыйынында Казакстан Республикасы тараптан бузулган ДСУнун негизги макулдашууларынын конкреттүү беренелерин жана ченемдерин атады жана жана коңшу мамлекетти ДСУнун алдындагы өзүнө алган милдеттенмелерди кынтыксыз аткарууга жана ДСУ макулдашууларынын негизинде аракеттенүүгө чакырды.
Казакстан делегациясынын ДСУнун Генералдык Кеңешинин жыйынында баш тартышына жооп катары ДСУнун ченемдерин жана принциптерин өзүнүн бузууларын жана ДСУнун эрежелерине жана талаптарына ылайык чек арада түзүлгөн кырдаалды жөнгө салууга даяр эместигин таанып, Кыргыз Республикасынын делегациясы бул маселени ДСУнун талаш-тартыштарын жөнгө салуу боюнча органдын кароосуна жөнөтүүгө даяр экендигин билдирди.
Маалымат катары: ДСУнун талаш-тартыштарын чечүү боюнча орган ДСУнун талаш-тартыштарын чечүү боюнча макулдашууда белгиленген эрежелерди жана жол-жоболорду аткарууну камсыз кылууга ыйгарым укуктуу борбордук орган болуп эсептелет.
Талаш-тартыштарды чечүү боюнча белгиленген макулдашууларга ылайык, эгерде Тараптардын консультациялары өз ара макулдашылган чечимге 60 күндүн ичинде келтирбесе, ДСУга мүчө мамлекет соода тармагындагы көз карандысыз үчтөн бешке чейинки эксперттен турган ДСУнун Панелдик комиссиясын түзүүгө укугу бар. Комиссиянын максаты - талаш-тартыштын предмети боюнча соттук мүнөздөгү чечим чыгаруу.
Изилдөөнүн жыйынтыгы боюнча ДСУНнун панелдик комиссиясы корутундулар жана сунуштар менен жана ДСУнун талаш-тартыштарын чечүү боюнча орган тарабынан кароо жана бекитүү үчүн чечим долбоору менен отчет даярдайт.