ЕАЭБ жана ДСУ органдарына Казакстан Республикасынын даттануусуна КР Экономика министрлигинин берген жообу

Новости
02-Март 2020-ж.
4195

КР Экономика министрлиги Казакстан Республикасынын Соода жана интеграция министрлигинин Евразия экономикалык комиссиясына (ЕЭК) жана Дүйнөлүк Соода Уюмуна (ДСУ) контролдук баалардын минималдык деңгээлин аныктоо механизмин колдонуу жөнүндө кайрылуусу тууралуу билдирүүлөр боюнча төмөнкүлөрдү маалымдайт.

Кыргыз Республикасы ЕАЭБге кошулгандан жана кыргыз-казак чек арасында бажы контролун алып салгандан кийин Кыргыз Республикасынын аймагына тиешелүү жана салык төлөө документтери жок эсепке алынбаган товарларды ташуу фактылары же алып келинген товардын баасын жана көлөмүн төмөндөтүү менен такталбаган маалыматтардын чагылдырылышы бир топ көбөйгөн, бул Кыргыз Республикасынын стратегиялык жана экономикалык коопсуздугуна олуттуу таасир тийгизет.

Кыргыз Республикасынын аймагына товарларды алып келүүнү бузуу фактылары кыйыр салыктарды төлөөгө контролду күчөтүү боюнча чараларды караган тиешелүү ченемдик укуктук актыларды кабыл алуу зарылчылыгынын бирден бир себеби болуп калды.

Контролдук баалардын минималдык деңгээли, товарлардын наркы төмөндөтүлгөн фактылары табылганда же алып келинүүчү товардын иш жүзүндөгү наркы ырасталбаганда салык салынуучу базаны аныктоо максатында гана киргизилген.

ЕАЭБ жөнүндө келишимдин 18-тиркемесине ылайык (“Товарларды экспорттоодо жана импорттоодо, жумуштарды аткарууда, кызмат көрсөтүүдө кыйыр салыктарды алуунун тартиби жана аларды төлөөнү контролдоо механизмдери жөнүндө Протокол”) ЕАЭБге мүчө мамлекет КНС төлөөнүн толуктугу үчүн бааны аныктоонун механизмдерин колдонууга толук укуктуу.

Бул укук жогоруда көрсөтүлгөн Протоколдун 18-пунктунда бекитилген (“18-п. Кыйыр салыктарды төлөөнүн толуктугун камсыз кылуу үчүн мүчө мамлекеттин салык салуу максатында бааларды аныктоо принциптерин жөнгө салуучу мыйзамдары колдонулушу мүмкүн”).

Мында белгилей кетчү нерсе, бул маселе ЕЭК аянтчасында каралган жана аталган механизмдин укук ченемдүүлүгү жөнүндө аныктама берилген бирок ошону менен бирге ушул механизмди колдонууда басмырлоо аракети жөнүндө Кыргыз Республикасынын кабарландыруусу чыгарылган, ушуга байланыштуу, улуттук мыйзамдарды Бирликтин укугуна ылайык келтирүү зарыл.

Буга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги тарабынан КР Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзам долбоору даярдалган, анда бул механизм ата мекендик өндүрүүчүлөргө жайылуу тууралуу көрсөтүлгөн. Бул мыйзамдын долбоору КР Жогорку Кеңешинин кароосунда турат.

Бүгүнкү күндө ДСУ кабарлоосуна келсек, азыркы учурда ДСУ системасында Казакстан Республикасынан Кыргыз Республикасынын аракеттерине даттануу менен кандайдыр бир кайрылуунун түшкөндүгү байкалган эмес. Ошого карабастан, Кыргыз Республикасы Казакстан менен ушу сыяктуу кайрылуулар келип түшкөндө алардын кайрылуусу боюнча консультацияларды өткөрүүгө жана бул процессти ДСУ жумушчу комитеттеринде талкуулоого даяр.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу