КРнын Экономика министрлиги КРӨнүн токтому менен балдар тамак-ашынын коопсуздугу боюнча техникалык регламент кабыл алынгандыгы жөнүндө маалымдайт.

Новости
28-Ноябрь 2012-ж.
2632

Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-ноябрындагы №792 токтому менен Балдар тамак-ашынын коопсуздугу жөнүндө” техникалык регламент кабыл алынгандыгы тууралуу маалымдайт.

Бул техникалык регламент Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуунун негиздери тууралуу” мыйзамына ылайык балдардын жашоосун жана ден соолугун балдар тамак-ашын өндүрүү, сактоо, ташуу, сатуу, жокко чыгаруу процессинде пайда болгон кооптуу жана коркунучтуу факторлордун таасиринен коргоону камсыз кылуу жана керектөөчүлөрдү адашууга алып келген аракеттерди алдын ала алуу максатында иштелип чыккан жана республиканын аймагында колдонууда жүргөн балдар тамак-ашына таркалат.

Мындан тышкары, техникалык регламент балдар тамак-ашын идентификациялоодо; тамак-аш продуктыларынын шайкештигин баалоодо, таңгактоодо жана балдар тамак-ашын маркалоодо пайда болгон мамилелерди жөнгө салат жана уруксат берүүчү жол-жоболордон баш тартууну жана балдар тамак-аш продуктылар рыногун жөнгө салууда акцентти мамлекеттик көзөмөлгө оодарууну караштырат.

Техникалык регламентти кабыл алуунун негизи болуп Кыргыз Республикасынын Балдарды эмчек эмизип багууну коргоо жана балдарды жасалма тамактандыруу азыктарынын жана каражаттарынын маркетингин жөнгө салуу жөнүндө”, Ичүүчү суунун коопсуздугу жөнүндө” Техникалык регламенти” мыйзамдары, эл аралык, улуттук стандарттар жана балдар тамак-аш продукциясына карата технологиялык документтер саналат.

Жогоруда аталган техникалык регламенттин жоболору аны керектөөдө продукциянын тобокелдигин баалоого жана керектөөчүнү кооптуу продукциядан коргоону камсыз кылууга негизделет.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу