Кыргыз Республикасы Европа Бирлигинин соода саясатынын серебине катышты

Новости
27-Февраль 2020-ж.
4354

2020-жылдын 18-20-февралдарында Дүйнөлүк Соода Уюмунун (ДСУ) штаб-квартирасында Европа Бирлигинин соода саясатына он төртүнчү сереп болуп өттү.

Соода саясатына сереп салуу механизми - ДСУнун бардык мүчө-өлкөлөрү тарабынан айрым өлкөлөрдүн соода саясатын жүргүзүү жана алар тарабынан ДСУнун эрежелерин, ченемдерин жана милдеттенмелерин аткаруу үчүн жамааттык мониторинг системасы.

Кыргыз республикасы жыйынга катышып, өтүнмө менен чыгып сүйлөдү, анда Европа Бирлиги Кыргыз Республикасы үчүн ишенимдүү соода өнөктөш катары белгиленген.

Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин ДСУ маселелери боюнча өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Нурбек Максутов өз сөзүндө ЕБ менен соода боюнча негизги статистикалык маалыматтарды берди.

Алсак, ЕБ Кыргыз Республикасынын 2019-жылга карата товар жүгүртүүсүндөгү үлүшү 17,2 %ды, анын ичинде экспорт - 47,2 %, импорт - 5,6 %ды түздү. 2019 - жылы Кыргыз Республикасынын ЕБ өлкөлөрү менен товар жүгүртүүсү 1193,9 млн. АКШ долларын, анын ичинде экспорт - 884,9 млн. АКШ долларын, импорт - 309,1 млн. АКШ долларын түздү.

Кыргыз Республикасынын өкүлү Кыргызстандын ЕБ рыногуна экспорту негизинен баалуу металлдардан жана алтындан, айыл чарба продукциясынан (пахта-чийки зат, тамеки, жашылча-жемиш, козу карын жана жемиштер) транспорт каражаттарынан жана алардын бөлүктөрүнөн, кыймылдаткычтардан, жабдуулардан, кара жана түстүү металлдардын калдыктарынан турарын билдирди.

Өз кезегинде ЕБ мүчөлөрү Кыргызстанга төмөнкүлөрдү импорттойт: машиналар (өнөр жай жабдуулары, механикалык түзүлүштөр, электр машиналары жана компоненттери), транспорттук каражаттар жана анын бөлүктөрү, оптикалык приборлор жана инструменттер, фармацевттик препараттар, ар кандай тамак-аш азыктары, минералдык майлар (майлоочу), кагаз, картон жана алардын продукциялары.

Кызмат көрсөтүү чөйрөсүнө токтоло турган болсок, КРнын өкүлү туризм кызмат көрсөтүү чөйрөсүндөгү соода байланыштарынын потенциалын чыңдоо үчүн жагымдуу экендигин белгиледи.

Жыйындын жүрүшүндө өлкө-мүчөлөрү Европа Бирлиги тарабынан өткөрүлгөн соода тармагындагы реформаларга оң баа беришти.

КР Соода саясатына үчүнчү сереп салууну өткөрүү 2020-жылдын 9-11-ноябрларына пландаштырылгандыгын белгилей кетмекчибиз. Азыркы учурда Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги жана ага тартылган ведомстволор тарабынан сапаттык деңгээлде жогоруда көрсөтүлгөн серепти өткөрүү үчүн тийиштүү иштер жүргүзүлүүдө.


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу