Экономика министрлигинин башчысы: Экономикалык өсүштүн негизги драйвери жөнүндө

Новости
27-Февраль 2020-ж.
4566

Бүгүн, 2020-жылдын 27-февралында Бишкек шаарында Экономика министри Санжар Муканбетовдун жана анын орун басарлары: Автандил Алыбаев, Султан Ахматов, Эльдар Алишеров жана Бекболот Алиевдин катышуусу менен 2019-жыл үчүн республиканы социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн алдын ала жыйынтыктары жана 2020-жылга карата милдеттери тууралуу пресс-конференция болуп өттү.

Министр белгилегендей, түзүлгөн тенденцияга карабастан 2019-жылдын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыгы өлкөдө макроэкономикалык жана социалдык туруктуулукту камсыз кылуу, өлкөнүн жашоо-турмушунун бардык чөйрөсүнө айрым факторлордун терс таасиринин шартында экономикалык өсүштүн оң динамикасын бекитүү болду.

УСКнын алдын ала маалыматы боюнча, 2019 - жылдын жыйынтыктары боюнча ИДПнын көлөмү 590,0 млрд.сом суммасында түзүлдү жана өсүштүн реалдуу темпи 4,5% ды түздү (2018-жылы-3,8%).

Экономикалык өсүш экономиканын бардык секторлору менен камсыздалды: айыл чарбасында көлөмдөр 2,6% га, курулушта - 10,6% га, өнөр жайда - 6,9% га, кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө - 2,9% га реалдуу өстү.

Инфляциянын деңгээлин мүнөздөөчү керектөө бааларынын индекси 103,1% ды түздү (2019-жылдын декабры өткөн жылдын декабрына карата), 2018-жылы мындай көрсөткүч 100,5% ды түзгөн. Инфляциянын орточо жылдык мааниси (2019-жылдын январь-декабрынан 2018-жылдын январь-декабрына карата) 101,1 %ды түздү (2018-жылдын январь-декабрынан 2017-жылдын январы-декабрына карата 101,5 % түздү).

2019-жылдын жыйынтыгы боюнча КР Тышкы соода жүгүртүүсү 3,6% га кыскарган жана 6,9 млрд АКШ долларын түзгөн. Ошону менен бирге экспорт 7,0% га өскөн, 2,0 млрд. долл. көлөмүндө импорт 7,3%га 4,9 млрд. долл. көлөмүндө кыскарган.

Маалымат үчүн: республиканын ЕАЭБ мүчө мамлекеттери менен өз ара соода жүргүзүүнүн көлөмү 2019-жылы 2,6 млрд. ошондой эле 5,9% га кыскарган, мында импорт 6,7% га, ал эми экспорт 3,1% га кыскарды.

Орточо айлык номиналдуу эмгек акы бир кызматкерге, 2019-жылы (чакан ишканаларды эсепке албаганда) 17166 сомду түздү жана анын реалдуу өсүшү менен эсептелген керектөө бааларынын индексин эске алуу 4,7 %ды түздү.

Экономикадагы мындай кырдаал Өкмөттүн экономиканын туруктуу өсүшүн камсыздоо жана Өкмөттүн “Биримдик, Ишеним, Жаратмандык” Программасын аткарууну камсыздоо боюнча күч-аракетинен улам пайда болгон.

Ошондой эле министр негизги жетишкендиктер жөнүндө айтып берди:

- экономикага кредиттин 14,9%га өсүшү камсыздалды (2019-жылдын декабрь айынын аягына карата 150,0 млрд. сомду түздү);

МИК программасынын катышуучулары жалпы суммасы 5 335,46 млн сомду түзгөн 4566 ипотекалык кредиттерди алышкан, алардын ичинен 2019-жылы жалпы суммасы 1,0 млрд. сом болгон 694 кредит берилген, ал эми “Социалдык ипотека” программасынын алкагында Кермет-банк аркылуу 1,054 млрд. суммасында 723 кредит берилген. Азыркы мезгилде 4,0 миңден ашык үй-бүлө кезекте турат. “Кепилдик фонд” ААК чакан жана орто бизнести кредиттөөгө көмөктөшүү максатында 2019-жылдын 1-декабрынын абалы боюнча 1 512 млн. сом суммасында 1348 гарантия берилген, ал эми ЧОБ кредиттеринин суммасы 5 162 млн. сомду түздү жана 2 эсе көбөйгөн.

Курулушка уруксат берүүчү документтерди алуу жол-жобосу жөнөкөйлөштүрүлдү.

“Бирдиктүү терезе” жаңы форматта иштей баштады, бардык экспертизаларды алуу жана документтерди алуу мөөнөтү 170 күндөн 30 күнгө чейин кыскартылды.

Ишкерлерди колдоону жүзөгө ашыруу үчүн Ишкерлерди тейлөө борборлору түзүлдү. Ош, Жалал-Абад жана Баткен шаарларындагы ишкерлерди колдоо боюнча алгачкы борборлор иштеп баштады.

Коррупциялык жосундарды жана /же ишкердик субъекттеринин укуктарын жана /же башка мыйзамдуу кызыкчылыктарды бузууларды алдын алуу максатында мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин ачык-айкындуулугуна көмөк көрсөтүү үчүн Бизнес-омбудсмендин иши башталды.

Мораторий жарыялоонун натыйжасында текшерүүлөрдүн саны 8 эсе кыскарган, 2018-жылга салыштырганда 2019-жылы 3435 текшерүү, ал эми 2018-жылы 28209 текшерүү өткөрүлгөн.

ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин аймагына (РФ жана Казакстанга) жеткирүүлөрдү ишке ашыра турган 102 кыргыз ишканасы ишканалар реестрине киргизилген 

ЕАЭБдин шайкештикти баалоо боюнча аккредитацияланган органдардын бирдиктүү реестрине 37 аккредитацияланган сыноо лабораториялары киргизилген 

Региондордо мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү санариптештирүүнүн алкагында 20 калкты тейлөө борбору (КТБ) иштейт. Бардык айыл аймактарында 387 маалыматтык күркөлөр иштейт (МК).

Мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында бир катар салыктык жеңилдиктерди берүүнү караган ЧУА кабыл алынган.

Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун даярдоо процессинде жол-жоболорду жөнөкөйлөтүү жана мөөнөттөрдү кыскартуу максатында “Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жаңы редакциясы кабыл алынган.

Жыйынтыгында министр 2020-жылга карата негизги маселелер тууралуу маалымат берди.

КРӨнүн иш программасын жүзөгө ашыруу боюнча 2019-2023-жылдарга карата Өкмөттүн планын ишке ашыруу максатында 2020-жылга Өкмөттүн иш-аракеттер планынын долбоору иштелип чыккан.

2020-жылга карата КРӨнүн иш планынын негизги багыттары:

- экономикалык жагымдуу чөйрө;

- региондук өнүгүү;

адамдык өнүгүү;

экологиялык өнүгүү;

коомдук коопсуздук.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылга иш планы Кыргызстандын экономикасынын стратегиялык тармактарында экономикалык өсүштү камсыздоого багытталган 227 иш-чараларды камтыйт.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу