Экономика министрлигинин аянтында КРда экологиялык өнүгүүнү жана климаттын өзгөрүлүшү менен күрөшүүнү талкуулашат

Новости
25-Февраль 2020-ж.
3193

2020-жылдын 26-февралында КР Экономика министрлигинин чоң залында саат 10:00 до Кыргыз Республикасында Жашыл климаттык фонд (ЖКФ) тарабынан каржылануучу даярдыкты камсыз кылуу жана даярдоо жагынан колдоо көрсөтүү программалары контекстинде корутунду иш-чара өтөт.

Семинардын алкагында жашыл экономика боюнча камсыздандыруу саясатын, координациялоо механизмин жана өлкөлүк жумушчу программаны талкуулоо пландаштырылат (ЖКФ  тарабынан даярдык көрүү  жана даярдоо боюнча биринчи Гранттын контекстинде иштелип чыккан); бардык тиешелүү кызыкдар тараптардын катышуусу менен климаттык өзгөрүүлөр маселелеринде дымактуу иш-аракеттер үчүн жол картасын аныктоо.

Аталган жолугушууга: НУО, климаттык каржылоо борборунун, министрликтин жана мамлекеттик мекемелердин эксперттери, БУУнун КӨАК үчүн жооптуу органы, бизнестин, ӨЭУнун, жергиликтүү бийлик органдарынын жана илимий чөйрөнүн өкүлдөрү чакырылган.



Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу