Кыргыз Республикасы жана Венгриянын ортосунда экономикалык чөйрөдө эки тараптуу кызматташуу оң багытта өнүгүүдө

Новости
19-Февраль 2020-ж.
3622

Бул тууралуу 2020-жылдын 19-февралында Кыргыз Республикасынын Экономика министри Санжар Муканбетов Венгриянын Тышкы экономикалык байланыштар жана тышкы иштер министри Петер Сийярто менен болгон жолугушууда билдирди.

КР Экономика министрлигинин башчысы белгилегендей, 2019-жылы Кыргыз Республикасынын Венгрия менен товар жүгүртүүсү 7 млн. АКШ. долл. түзгөн. Товар жүгүртүүнүн төмөн деңгээлине карабастан, Кыргыз Республикасы жана Венгриянын ортосунда экономикалык чөйрөдө эки тараптуу кызматташуу оң багытта өнүгүүдө. Ошентип, учурда 2020-жылы Кош салык салууну четтетүү жана кирешелерге карата салыктарды төлөөдөн качууну болтурбоо жөнүндө өкмөттөр аралык макулдашуунун жана Инвестицияларды колдоо жана өз ара коргоо жөнүндө макулдашуулар тууралуу макулдашууга кол коюу маселеси иштелип чыгууда, - деп белгиледи С.Муканбетов.

Ошондой эле, министр Экономикалык кызматташуу боюнча кыргыз-венгрия өкмөттөр аралык комиссиясынын 1-жыйыны ийгиликтүү өткөндүгүн белгиледи (кыргыз бөлүгүнүн тең төрагасы болуп Экономика министри эсептелет).

Жолугушуунун жүрүшүндө Тараптар болуп өткөн бизнес-форумдун маанилүүлүгүн жана Тараптардын аракеттери соода - экономикалык кызматташууну өнүктүрүүгө оң таасирин тийгизет деген үмүттөрүн билдиришти.

Мындан тышкары кыргыз-венгрия түз инвестициялар фондун мүмкүнчүлүгү талкууланды. Мында П.Сийярто мырза ар бир Тарап фонддун уставдык капиталына 50 %дан кем эмес каражат кошуу зарылдыгын белгиледи. Министр П. Сийярто Венгрия тарап бул үчүн венгер “Эксимбанктын” линиясы боюнча 50 млн.евро өлчөмүндө жеңилдетилген кредит бөлүп берүүгө даяр экендигин белгиледи.

Ушуга байланыштуу Экономика министрлигинин башчысы Орус-Кыргыз Өнүктүрүү фондунун аянтында же Венгрия тараптын активдеринин 80% дан кем эмесин түзгөн инвестициялык фондду түзүү сунушун киргизди. Сийярто министр С.Муканбетов тарабынан киргизилген сунуштарды ойлонууну убада кылды.

Жолугушуунун соңунда Тараптар Кытайда коронавирустук инфекциянын күч алуусу, Кыргызстандын экономикасы жана Венгриянын терс таасири, ошондой эле коронавируска байланыштуу проблемаларды чечүүнүн мүмкүн болгон жолдору боюнча жагдайды талкуулашты.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу