2020-жылдын 20-февралында саат 14:00 до Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин чоң залында министрликтин коллегиясы болуп өтөт.
Күн тартибинде төмөнкү маселелер каралат:
- Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин 2019-жылдагы иштеринин жыйынтыктарын карап чыгуу;
- “Бизнести жүргүзүү” рейтингинде КР учурдагы позициясы;
- КР ЕАЭБдин ишин күчөтүү;
- КР мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн учурдагы кырдаалы, проблемасы жана өнүгүү келечеги;
- экономикага жана инвестициялык климатка салыктык талаш-тартыштарды чечүүнүн таасири;
- КР ЭМ караштуу Банкроттук иштер боюнча департаментинин отчету;
- 2019-жылдын жыйынтыгы боюнча Министрликтин аткаруу тартибинин абалы жөнүндө.